Advanced Search

Cancel
Found: 32 Piece 0.000 sn
- You can use the 'AND' / 'OR' / 'NOT' option for the things you want to add or remove.
- You can return to normal search by pressing the Cancel button.
Filters
Filters
Found: 32 Piece 0.000 sn
Publication type [1]
Language [1]
Index Type [1]
National/International [2]
Access to Files

Фарабинин Философиялык Системасында Негизги Баалуулук Катары Бактылуулук Маселеси Happiness as a Value in Farabi

Abdiraşit BABATAYEV | Yusuf GÖKALP

Адамзат тарыхында ойчулдар көңүл бурган эң маанилүү маселелердин бири бактылуулук маселеси экендиги талашсыз. Байыркы доорлордон бүгүнкү күнгө чейин бактылуулук темасы ар түрдүү көз караштардын алкагында изилденип жана талкууланып келет. Бактылуулуктун эмне болгондугу, бакыт деген нерсенин чындап бар болуп болбогондугу, эгер бар болсо ага кантип жетүүгө боло тургандыгы, адамдардын эмне үчүн бакытты каалагандыгы ж.б.у.с. суроолор тынымсыз талкууланып, жооп табууга аракет кылынган. Жалпысынан бактылуулук ахлак философиянын алкагында талкууланган, бирок ошол эле учурда психология, саясат, укук сы ...More

Access to Files

Ыйык Курандын негизинде Пайгамбарлардын ата менен уул ортосундагы мамиленин каралышы The relationship between father and son in the example of the prophets based on the Holy Qur'an

Şohimardan ORUNBEKOV

Ар бир үй-бүлөдө атанын орду абдан чоң мааниге ээ. Анткени, ата-эне менен чогуу, ынтымактуу үй-бүлөдө жашаган бала – бактылуу балалык мезгилин жашай алат. Атанын мээримин, тарбиясын, таалимин, камкордугун көрүп чоңойгон бала – коомдо өз ордун тез таап кете алат. Мындай бала – ырыстуу бала. Андай баланы «жакшы атанын уулу экен», же «атанын таалимин көрүп өскөн бала» деп, эл оозунда мактоого арзыйт. Биз бул макалада ата жана уулдун ортосундагы мамиле кандай болуусу керектигин ыйык китебибиз Курандын негизинде талкуу кылабыз. Пайгамбарлардан Адам ата жана анын эки уулунан тартып, акыркы пайгамбар ...More

Access to Files

Куранды Туура Түшүнүү = Kur'an'ı Anlamak

Khaiitmirza SOTVOLDİYEV

Куран алгач адамдын аң-сезимине, андан соң адам тарабынан барак үстүнө жазылган Аллахтын сөзү. Куран катардагы адам баласы түшүнгөн, жөнөкөй тилде, мааниси түшүнүктүү, кишинин логикасына/акылына туура келген түзүмдө келген. Албетте ал эң алгач Аз. Мухаммад, сахабалар доорунда келгендеги жандуулугу менен кийинки мезгилдеги табияты бири-биринен таптакыр айырмаланып турат. Себеби Аз. Мухаммад менен сахабалардын доорунда Куран оозеки формада жана ошол коомдун аң-сезимине, дүйнө таанымына, маданиятына жана аларга таандык жашоо образына ылайык мүнөздөгү табиятты камтыган. Аз. Мухаммаддын доорунан уз ...More

Access to Files

Абу Мансур Аль- Матуридинин Ахли китеп боюнча көз карашы

Bakıtbek MURZARAİMOV

Улуу ислам аалымдарынан болгон абу Мансур аль –Матуриди тавхид акыйдасын алдыга чыгаруу максатында чоң кадам жасап, ага зыян келтирген ички жана тышкы терс таасирлерден жок кылганга аракет жасаган. Бул маселеде ал, Ислам дининин тавхид акыйдасын акылга жана логикага эң ылайык экендигин айтып, кез –кези менен башка диндердин кудай түшүнүгүнсынга алып келген. Ал өзүнүн «Китабу Тавхид» атту эмгегинде Христиан дининин Аз. Исага байланыштуу айткан кудай жөнүндөгү ишенимин акыл жана логиканын усулу менен сынга алган. Ал бул маселени эмгегинин «Пайгамбарлык» бөлүмүндө баяндаган. Матуриди бул бөлүмдө ...More

Access to Files

Кыргызстандын тышкы миграциясынын динамикасы жана анын себептеринин анализи

Burulça SULAYMANOVA

Кыргызстан 1991-жылы эгемендүүлүгүн жарыялаган соң, саясий жана экономикалык мааниде эркиндикке ээ болуу менен бирге, жарандарынын дагы чет өлкөгө эркин кетүү кыймылы башталган. Айрым илимий изилдөө мекемелер жана адистер тарабынан эсептелип чыккан жумушчу мигранттардын учурдагы саны 500 миң адамдан - 600 миң адамга чейин, же экономикалык активдүү калктын 10 пайызынан ашыгы чет өлкөлөрдө иштеп жүргөндүгү тууралуу маалымат берилүүдө. Ал эми 2014-жылы Кыргызстан акчалай которуулардын ИДПсуна болгон үлүшү боюнча дүйнөдө эң алдыңкы он мамлекеттердин катарында экинчи орунду 30.3 % үлүш менен ээлеге ...More

Access to Files

Жергиликтүү ак сорттогу төө буурчактар, кээ бир физикалык касиеттери жана аминкислоталык курам өзгөчөлүктөрү = Local Monophonic White Varieties Of Beans: Some Physical Properties And Especially The Amino Acid Composition

Aybek BODOŞOV

Изилдөөнүн максаты бир өӊчөй ак сорттогу: лопатка, китаянка, сахарный төө буурчак сортторунун дандын формасы, дандын өлчөмдөрү, 1000 даана дандын массасы, үймө тыгыздыгы, төгүлүү бурчу сыяктуу кээ бир физикалык касиеттерин жана аминкислоталык курамын изилдөө. Төө буурчактардын физикалык касиеттерин изилдөө буурчактарды өстүрүүдө, транспортоодо, тазалоодо, сорттоодо жана кутулоодо маанилүү роль ойнойт. Изилденген буурчак сортторунун дан катуулугу 0,43 мм, 0,08 мм, 0,05 мм жана үймө тыгыздыгы 685,11 кг/м3, 719,60 кг/м3, 666,84 кг/м3 болуп табылды. Изилдөөнүн экинчи баскычында төө буурчактардын а ...More

Access to Files

Кыргыз Pеспубликасынын жарандарынын чет өлкөдө окууга болгон кызыгуусу = KYRGYZ YOUNG PEOPLE’S INTEREST IN STUDYING ABROAD

Ayzat İBRAYEVA | Rita İSMAİLOVA

Бул эмгек Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөдө окууга кызыгуусунун себептерин, өлкө тандоонун приоритеттерин аныктоого жана анализдөөгө багытталган. Изилдөө интернет аркылуу сурамжылоо жана индивидуалдык интервью жүргүзүү жолу менен алынган маалыматка негизделген. Анализ жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын жаш жарандарынын 94,4% чет мамлекеттерде билим алууга кызыккандыгын көрсөттү. - Ачкыч сөздөр: студенттик миграция, билим берүү, билим берүү системасы, чет өлкөдө билим алуу, Кыргыз Республикасы.

Access to Files

Манас дастанынын Жүсүп Мамай вариантында кездешкен -ганы жана -галы мүчөлөрүнүн колдонулуш өзгөчөлүгү

Mirzat Rakımbek Uulu

Дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпикалык чыгармалардын бири “Манас” экени талашсыз. “Манас” дастаны кыргыз элинин жалпы маданиятын, тарыхын, үрп-адатын, этнографиясын жб. чагылдырган чыгарма болуусу менен коомубузда кыргыз элинин энциклопедиясы деп да аталганы маалым. “Манас” бул жагынан алганда этно-маданий, тарыхый маалыматтарды берүү менен катар тилдик каражаттарынын да зор казынасы болуп эсептелет. Бул макалада “Манас” дастанынын Жүсүп Мамай вариантында кездешкен айрым тилдик фактылар иликтөөгө алынат. Тактап айтканда, бул вариантта кездешкен чакчылдын –галы формасы азыркы адабий кыргыз тилиндеги –г ...More

Access to Files

Кыргыз каганатынын бийлик структурасы = GOVERNMENT STRUCTURE OF THE KIRGHIZ KHAGANATE

Muratbek KOCOBEKOV

Мамлекет менен бийлик жана аны башкаруу аппараты политогенез процессин аныктоодо маанилүү роль ойнойт. Тарых илиминде Кыргыз мамлекетинин саясий бийлик системасы туурасында так түшүнүк жок. Айрым илим адамдары Кыргыз өлкөсүн мамлекет деп аташса, кээ бирөөлөрү аны каганат деп белгилешет. Макалада Кыргыз каганатынын бийлик системасы изилдөөгө алынып, анда орун алган башкаруу бийлик аппараты талданат. Каганаттык бийлик түзүлүшү Борбордук Азиядагы этностордун саясий системасы үчүн мүнөздүү башкаруу бийлиги эсептелген. Бул жагынан алганда кыргыздар да каганаттык бийликти өздөштүрүшкөн. Ошол эле уба ...More

Access to Files

Котормодогу прагматикалык адекваттуулук (С. Эралиевдин «Ак Мөөр» лирикалык поэмасынын англис тилиндеги котормосунун негизинде) = Семантические соответствия английского и кыргызского языков на примере перевода лирической поэмы С. Эралиева «Ак Мөөр» на английский язык = Semantic matching english and kyrgyz languages the example of funds lyrical poem S. Eralieva Ak 'Mөөr in' english

Altınay TOKTOMATOVA

Бул макалада С. Эралиевдин «Ак Мѳѳр» лирикалык поэмасынын англис тилиндеги аспиранттын котормосунун негизинде англис жана кыргыз тилдериндеги семантикалык дал келүүчүлүктѳр жана прагматикалык адаптация жүргүзүү маселелери каралат.- Ачкыч сөздөр: толук дал келүүчүлүк, толук эмес дал келүүчүлүк, дал келүүчүлүктүн жоктугу, лексикалык прагматикалык адаптация

Access to Files

Омонимдердин жалпы түркологияда изилдениши

Kerim TUZCU

Бир катар түрк тилдеринде омонимдер орус тилинде калыптанган усулдар боюнча изилденген. Түрк тилинде болсо көбүнчө Эвропалык ыкмалар негизинде карашкан. Натыйжада, омонимдердин этимологиясы, лексика-семантикалык бөтөнчөлүктөрү сыяктуу маселелерде орус тили менен түрк тилдеринин ортосунда жалпылыктардын арбын экендиги далилденген.- Негизги сөздөр: Түрк тилдери,омоним, түркология, орус тили

Access to Files

Факторизациялоо алгоритмдердин салыштырмалуу анализи = Comparative analysis of integer factorization algorithms

Gulida KIMSANOVA | Rita İSMAİLOVA | Rayımbek SULTANOV

Көптөгөн ачык ачкычтуу криптосистемалардын негизи катары колдонулган натуралдык санды факторизациялоо проблемасы заманбап компьютерлер үчүн да оор маселе болуп саналат. Биз бул иште С программалоо тилинде GMP китепканасын колдонуп, 4 алгоритмди иштеп чыктык жана бул алгоритмдердин иштөө убакыттарын салыштырдык. Алгоритмдер ар кандай өлчөмдөгү сандарды, ошондой эле факторлорунун ортосунда ар кандай аралык болгон сандарды факторизациялоо үчүн колдонулду.Биздин жыйынтыктар 296 биттик санды факторлорго ажыратууда Поллард rho алгоритминин эң бат иштешин, ошол эле учурда, факторлордун ортосундагы ар ...More

Our obligations and policy regarding cookies are subject to the TR Law on the Protection of Personal Data No. 6698.
OK

creativecommons
Bu site altında yer alan tüm kaynaklar Creative Commons Alıntı-GayriTicari-Türetilemez 4.0 Uluslararası Lisansı ile lisanslanmıştır.
Platforms