Адамзат тарыхында ойчулдар көңүл бурган эң маанилүү маселелердин бири бактылуулук маселеси экендиги талашсыз. Байыркы доорлордон бүгүнкү күнгө чейин бактылуулук темасы ар түрдүү көз караштардын алкагында изилденип жана талкууланып келет. Бактылуулуктун эмне болгондугу, бакыт деген нерсенин чындап бар болуп болбогондугу, эгер бар болсо ага кантип жетүүгө боло тургандыгы, адамдардын эмне үчүн бакытты каалагандыгы ж.б.у.с. суроолор тынымсыз талкууланып, жооп табууга аракет кылынган. Жалпысынан бактылуулук ахлак философиянын алкагында талкууланган, бирок ошол эле учурда психология, саясат, укук сыяктуу тармактарда да талкууланып келген. Ахлак философиясынын агымдарынын көпчүлүгү адамдар эӊсеген эң жогорку нерсенин бактылуулук болгондугу тууралуу бир пикирде болгондугуна карабастан, бактылуулукту кайсы тармактарда канчалык деӊгээлде ишке ашырууга мүмкүн болгондугу, ошондой эле бактылуулуктун табияты жана адамдын жашоосундагы бакыттын ордун аныктоо маселеси боюнча бири-биринен айырмаланат. Ислам дүйнөсүндө бактылуулук ахлагы тууралуу айтылганда эң биринчи ойго келген ислам философторунун бири катары Фараби эске түшөт. Фараби жазып калтырган эмгектер мамлекеттик башкаруу, саясат, билим, адеп-ахлак, үй-бүлө ж.б. көп темаларды камтыйт. Чындыгында ал жазып калтырган чыгармалар жазылган мезгилге гана эмес, азыркы учурга да жарык чачкан эң маанилүү эмгектер болуп саналат. Фараби бактылуулук маселеси боюнча өзүнөн кийинки ислам философторуна чоң таасир тийгизген. Бул макалада бактылуулук темасын Ислам дүйнөсүнүн эң атактуу ойчулу Фарабинин жазган эмгектеринин алкагында талкуулайбыз жана бактылуулук маселесин анын акыл категориялары менен байланышына токтолобуз.
Publication Name (dc.title) | Фарабинин Философиялык Системасында Негизги Баалуулук Катары Бактылуулук Маселеси Happiness as a Value in Farabi |
Author/s (dc.contributor.yazarlar) | Абдирашит Бабатаев, Юсуф ГОКАЛП |
Publication type (dc.type) | Makale |
Language (dc.language) | Kırgızca |
Publication year (dc.date.issued) | 2022 |
National/International (dc.identifier.ulusaluluslararasi) | Ulusal |
Source (dc.relation.journal) | MANAS Journal of Religious Sciences - MANAS Din Bilimleri Dergisi (MDBD) |
Number (dc.identifier.issue) | 1 |
Volume/Issue (dc.identifier.volume) | 1 |
Page (dc.identifier.startpage) | 1-6 |
ISSN/ISBN (dc.identifier.issn) | Online ISSN: 1694-8599 |
Publisher (dc.publisher) | Kyrgyz - Turkish Manas University |
Databases (dc.contributor.veritaban) | Ulakbim (DergiPark) |
Databases (dc.contributor.veritaban) | Kaynak web sitesi |
Index Type (dc.identifier.index) | Diğer Hakemli Dergi |
Abstract (dc.description.abstract) | Адамзат тарыхында ойчулдар көңүл бурган эң маанилүү маселелердин бири бактылуулук маселеси экендиги талашсыз. Байыркы доорлордон бүгүнкү күнгө чейин бактылуулук темасы ар түрдүү көз караштардын алкагында изилденип жана талкууланып келет. Бактылуулуктун эмне болгондугу, бакыт деген нерсенин чындап бар болуп болбогондугу, эгер бар болсо ага кантип жетүүгө боло тургандыгы, адамдардын эмне үчүн бакытты каалагандыгы ж.б.у.с. суроолор тынымсыз талкууланып, жооп табууга аракет кылынган. Жалпысынан бактылуулук ахлак философиянын алкагында талкууланган, бирок ошол эле учурда психология, саясат, укук сыяктуу тармактарда да талкууланып келген. Ахлак философиясынын агымдарынын көпчүлүгү адамдар эӊсеген эң жогорку нерсенин бактылуулук болгондугу тууралуу бир пикирде болгондугуна карабастан, бактылуулукту кайсы тармактарда канчалык деӊгээлде ишке ашырууга мүмкүн болгондугу, ошондой эле бактылуулуктун табияты жана адамдын жашоосундагы бакыттын ордун аныктоо маселеси боюнча бири-биринен айырмаланат. Ислам дүйнөсүндө бактылуулук ахлагы тууралуу айтылганда эң биринчи ойго келген ислам философторунун бири катары Фараби эске түшөт. Фараби жазып калтырган эмгектер мамлекеттик башкаруу, саясат, билим, адеп-ахлак, үй-бүлө ж.б. көп темаларды камтыйт. Чындыгында ал жазып калтырган чыгармалар жазылган мезгилге гана эмес, азыркы учурга да жарык чачкан эң маанилүү эмгектер болуп саналат. Фараби бактылуулук маселеси боюнча өзүнөн кийинки ислам философторуна чоң таасир тийгизген. Бул макалада бактылуулук темасын Ислам дүйнөсүнүн эң атактуу ойчулу Фарабинин жазган эмгектеринин алкагында талкуулайбыз жана бактылуулук маселесин анын акыл категориялары менен байланышына токтолобуз. |
URL (dc.rights) | https://dergipark.org.tr/en/pub/mjrs/issue/73527/1209896 |
Faculty / Institute (dc.identifier.fakulte) | Edebiyat Fakültesi |
Department (dc.identifier.bolum) | Felsefe Bölümü |
Author(s) in the Institution (dc.contributor.author) | Abdiraşit BABATAYEV |
Author(s) in the Institution (dc.contributor.author) | Yusuf GÖKALP |
Kayıt No (dc.identifier.kayitno) | BL3B0ADEFD |
Record Add Date (dc.date.available) | 2023-02-13 |
Notes (Publication year) (dc.identifier.notyayinyili) | 2022 |
Subject Headings (dc.subject) | philosophy |
Subject Headings (dc.subject) | Farabi |
Subject Headings (dc.subject) | values |
Subject Headings (dc.subject) | happiness |
Subject Headings (dc.subject) | mind concept |