Дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпикалык чыгармалардын бири “Манас” экени талашсыз. “Манас” дастаны кыргыз элинин жалпы маданиятын, тарыхын, үрп-адатын, этнографиясын жб. чагылдырган чыгарма болуусу менен коомубузда кыргыз элинин энциклопедиясы деп да аталганы маалым. “Манас” бул жагынан алганда этно-маданий, тарыхый маалыматтарды берүү менен катар тилдик каражаттарынын да зор казынасы болуп эсептелет. Бул макалада “Манас” дастанынын Жүсүп Мамай вариантында кездешкен айрым тилдик фактылар иликтөөгө алынат. Тактап айтканда, бул вариантта кездешкен чакчылдын –галы формасы азыркы адабий кыргыз тилиндеги –ганы формасы менен салыштырылып, алардын функционалдык жана маанилик катыштары иликтенет. Мындай изилдөөгө түрткү болгон себеп – аталган варианттын текстинде чакчылдын бул эки фомасы тең кездешет. Бирок алар маани жана колдонулушу жагынан бири-биринен айырмаланып турганында. Кыргыз тилиндеги –ГАнЫ мүчөсү курамы жагынан татаал мүчө болуп, кыргыз тилинин морфологиясына арналган китептеринде бул мүчө тууралуу төмөнкүчө маалыматтар берилген: С. Кудайбергенов жана С. Давлетовдун 1980-жылы басылган «Азыркы кыргыз тили. Морфология» деген китебинде аталган мүчөнүн атоочтуктун өткөн чак -ган мүчөсү менен -лы мүчөсүнүн жалганышы аркылуу курулганы айтылат. Кыргыз тилинде -ГАнЫ мүчөсүнүн -ГАлЫ деген варианты бар экени жалпыбызга маалым. Өзгөчө, -ГАлЫ формасынын ичкилик говорлорунда колдонулганы белгиленген, бирок кыргыз адабий тилинде биринчи варианты колдонулуп, бул мүчөнүн туюнкан маанилери дээрлик бардык грамматика китептеринде төмөнкүчө эки маанини билдиргени айтылат: а) Көбүнчө негизги кыймыл аракеттин максатын туюндурат. б) Негизги кыймыл-аракеттин белгилүү бир учурдан бери болуп келаткан мезгилин билдирет. -
Keywords: “Манас” дастаны, кыргыз тили, Жүсүп Мамай, чакчылдар
Publication Name (dc.title) | Манас дастанынын Жүсүп Мамай вариантында кездешкен -ганы жана -галы мүчөлөрүнүн колдонулуш өзгөчөлүгү |
Author/s (dc.contributor.yazarlar) | Мирзат РАКИМБЕК УУЛУ |
Publication type (dc.type) | Makale |
Language (dc.language) | Kırgızca |
Publication year (dc.date.issued) | 2016 |
National/International (dc.identifier.ulusaluluslararasi) | Ulusal |
Source (dc.relation.journal) | MANAS Journal of Social Studies (MJSS) - MANAS Sosyal Araştırmalar Dergisi |
Number (dc.identifier.issue) | 2 |
Volume/Issue (dc.identifier.volume) | 5 |
Page (dc.identifier.startpage) | 21-28 |
ISSN/ISBN (dc.identifier.issn) | ISSN: 1694-7215 |
Publisher (dc.publisher) | Kyrgyz - Turkish Manas University |
Databases (dc.contributor.veritaban) | Ulakbim (DergiPark) |
Index Type (dc.identifier.index) | Diğer Hakemli Dergi |
Abstract (dc.description.abstract) | Дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпикалык чыгармалардын бири “Манас” экени талашсыз. “Манас” дастаны кыргыз элинин жалпы маданиятын, тарыхын, үрп-адатын, этнографиясын жб. чагылдырган чыгарма болуусу менен коомубузда кыргыз элинин энциклопедиясы деп да аталганы маалым. “Манас” бул жагынан алганда этно-маданий, тарыхый маалыматтарды берүү менен катар тилдик каражаттарынын да зор казынасы болуп эсептелет. Бул макалада “Манас” дастанынын Жүсүп Мамай вариантында кездешкен айрым тилдик фактылар иликтөөгө алынат. Тактап айтканда, бул вариантта кездешкен чакчылдын –галы формасы азыркы адабий кыргыз тилиндеги –ганы формасы менен салыштырылып, алардын функционалдык жана маанилик катыштары иликтенет. Мындай изилдөөгө түрткү болгон себеп – аталган варианттын текстинде чакчылдын бул эки фомасы тең кездешет. Бирок алар маани жана колдонулушу жагынан бири-биринен айырмаланып турганында. Кыргыз тилиндеги –ГАнЫ мүчөсү курамы жагынан татаал мүчө болуп, кыргыз тилинин морфологиясына арналган китептеринде бул мүчө тууралуу төмөнкүчө маалыматтар берилген: С. Кудайбергенов жана С. Давлетовдун 1980-жылы басылган «Азыркы кыргыз тили. Морфология» деген китебинде аталган мүчөнүн атоочтуктун өткөн чак -ган мүчөсү менен -лы мүчөсүнүн жалганышы аркылуу курулганы айтылат. Кыргыз тилинде -ГАнЫ мүчөсүнүн -ГАлЫ деген варианты бар экени жалпыбызга маалым. Өзгөчө, -ГАлЫ формасынын ичкилик говорлорунда колдонулганы белгиленген, бирок кыргыз адабий тилинде биринчи варианты колдонулуп, бул мүчөнүн туюнкан маанилери дээрлик бардык грамматика китептеринде төмөнкүчө эки маанини билдиргени айтылат: а) Көбүнчө негизги кыймыл аракеттин максатын туюндурат. б) Негизги кыймыл-аракеттин белгилүү бир учурдан бери болуп келаткан мезгилин билдирет. - |
Abstract (dc.description.abstract) | Keywords: “Манас” дастаны, кыргыз тили, Жүсүп Мамай, чакчылдар |
URL (dc.rights) | https://dergipark.org.tr/tr/pub/mjss/issue/40504/485307 |
Faculty / Institute (dc.identifier.fakulte) | Edebiyat Fakültesi |
Department (dc.identifier.bolum) | Türkoloji Bölümü |
Author(s) in the Institution (dc.contributor.author) | Mirzat Rakımbek Uulu |
Kayıt No (dc.identifier.kayitno) | BL2A5C506C |
Record Add Date (dc.date.available) | 2016-07-15 |
Notes (Publication year) (dc.identifier.notyayinyili) | 2016 |
Subject Headings (dc.subject) | epic of Manas |
Subject Headings (dc.subject) | jusup mamai |
Subject Headings (dc.subject) | gerund |
Subject Headings (dc.subject) | kyrgyz language |