- You can use the 'AND' / 'OR' / 'NOT' option for the things you want to add or remove. - You can return to normal search by pressing the Cancel button.
Адамзат тарыхында ойчулдар көңүл бурган эң маанилүү маселелердин бири бактылуулук маселеси экендиги талашсыз. Байыркы доорлордон бүгүнкү күнгө чейин бактылуулук темасы ар түрдүү көз караштардын алкагында изилденип жана талкууланып келет. Бактылуулуктун эмне болгондугу, бакыт деген нерсенин чындап бар болуп болбогондугу, эгер бар болсо ага кантип жетүүгө боло тургандыгы, адамдардын эмне үчүн бакытты каалагандыгы ж.б.у.с. суроолор тынымсыз талкууланып, жооп табууга аракет кылынган. Жалпысынан бактылуулук ахлак философиянын алкагында талкууланган, бирок ошол эле учурда психология, саясат, укук сы ...More
Бул эмгек Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөдө окууга кызыгуусунун себептерин, өлкө тандоонун приоритеттерин аныктоого жана анализдөөгө багытталган. Изилдөө интернет аркылуу сурамжылоо жана индивидуалдык интервью жүргүзүү жолу менен алынган маалыматка негизделген. Анализ жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын жаш жарандарынын 94,4% чет мамлекеттерде билим алууга кызыккандыгын көрсөттү. -
Ачкыч сөздөр: студенттик миграция, билим берүү, билим берүү системасы, чет өлкөдө билим алуу, Кыргыз Республикасы.
Дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпикалык чыгармалардын бири “Манас” экени талашсыз. “Манас” дастаны кыргыз элинин жалпы маданиятын, тарыхын, үрп-адатын, этнографиясын жб. чагылдырган чыгарма болуусу менен коомубузда кыргыз элинин энциклопедиясы деп да аталганы маалым. “Манас” бул жагынан алганда этно-маданий, тарыхый маалыматтарды берүү менен катар тилдик каражаттарынын да зор казынасы болуп эсептелет. Бул макалада “Манас” дастанынын Жүсүп Мамай вариантында кездешкен айрым тилдик фактылар иликтөөгө алынат. Тактап айтканда, бул вариантта кездешкен чакчылдын –галы формасы азыркы адабий кыргыз тилиндеги –г ...More
Мамлекет менен бийлик жана аны башкаруу аппараты политогенез процессин аныктоодо маанилүү роль ойнойт. Тарых илиминде Кыргыз мамлекетинин саясий бийлик системасы туурасында так түшүнүк жок. Айрым илим адамдары Кыргыз өлкөсүн мамлекет деп аташса, кээ бирөөлөрү аны каганат деп белгилешет. Макалада Кыргыз каганатынын бийлик системасы изилдөөгө алынып, анда орун алган башкаруу бийлик аппараты талданат. Каганаттык бийлик түзүлүшү Борбордук Азиядагы этностордун саясий системасы үчүн мүнөздүү башкаруу бийлиги эсептелген. Бул жагынан алганда кыргыздар да каганаттык бийликти өздөштүрүшкөн. Ошол эле уба ...More
İnsanoğlunu iyi yüreklilikle ve insancıllıkla ünleyen Manas destanı gibi Yusuf Balasagın’ın Kutadgu Bilig destanı da insanlara karşı saygılı olmaya, insan haklarını korumaya, değerli bir insan olmaya çağıran destandır. Manas destanında başkahramanlar olan Manas, Koşoy, Bakay, Almambet, Cakıp, Koňurbay, Kanıkey’in karakterleriyle insanlığın millî ve evrensel ahlaki değerlerine ait özelliklerin yansıtıldığını görebiliriz. Cengiz Aytmatov’un Manas destanı, Kırgız ruhunun zirvesidir dediği gibi söz konusu destan, Kırgızlar için bir ebedi enerji kaynağı sayılır. Yusuf Balasagın’ın Kutadgu Bilig ese ...More
Makalede çok kültürlü ortamda üniversite öğrencilerinin eğitim ve sosyalleşme problemleri incelenmeye çalışılmıştır. Araştırma, Kırgızistan - Türkiye Manas Üniversitesi’ndeki eğitim süreci örneğinde yapılmıştır. Eğitim sahasının genişlemesi ve küreselleşmenin etkisiyle öğretmen ve öğrencilerin eğitim sürecinde etno-kültürel ve ahlaki etkileşim özellikleri açıklanmıştır. -
Anahtar Kelimeler: Kültürler arası çevre, yükseköğretim kurumlarında eğitim ve sosyalleşme, etno-kültürel özellikler, bireysel ahlaki kültür =
The article deals with the problems of education and socialization of students i ...More
Makalede Köktürk harfli Yenisey yazıtlarında geçen kişi adlarının yapısındaki kelimeler ele alınarak kültürel dil bilim açısından incelenmiştir. Çünkü Köktürk harfli Yenisey yazıtları Türkçenin en eski yazılı metinleri olarak Eski Türk halklarının kültürünü, felsefesini ve toplum hayatını araştırmamız ve anlamamız açısından çok büyük önem arz etmektedir. Kişi adları kültürel değerleri, felsefi bilgileri içermesi bakımından dilin en önemli birimidir. Dolayısıyla eski metinler kültürel dilbilim açısından incelenirken ele alınacak ilk veri kişi adları ve onları oluşturan kelimelerdir. Makalemizde ...More
Түркстандагы 1916-жылдагы Үркүн окуясында орус империясынын колониялык саясатына каршы көтөрүлүшкө чыккан кыргыздардын бир бөлүгү кошуна Кытайга жер которушуп, көп жоготууларга дуушар болушкандыгы маалым. Ал эми 1920-жылдарда Совет бийлиги тарабынан 1916-жылдагы качкындарды мекенине кайтаруу жана жайгаштыруу боюнча иштер жүргүзүлгөн. Бирок кайра ошол эле Совет бийлигине нараазы болгон чек арада жашаган айрым кыргыздардын өз ыктыяры менен 1930-жж. Кытайга көчүп кетишкендигин архив материалдары жана оозеки маалыматтар тастыктайт. Макалада 1930-жж. республикадагы эмиграциялык кыймылдардын саясий ...More
«Замана» темасы кыргыз адабиятында көптөн бери талкууланып, бирок ушул күнгө чейин түйүнү чечилбей келе жаткан маселелердин бири. Айталы, замана ырлары көркөм идеялык мазмуну жагынан да, жанрдык табияты боюнча да так аныктамасын ала элек. Бул маселени чечүүдө «замана» темасын колго алган изилдөөлөрдү хронологиялык тартипте кароо талапка ылайык. Анткени, маселенин изилдениш тарыхына көз чаптыруу ага берилген айрым сыпаттамалардын берилиш себебин түшүнүүнү оңойлотот.
Макалада «замана» поэзиясынын теориялык маселелеринин изилденүү деңгээли, багыты жана ага берилген айрым аныктамалар туурасында ой ...More
Көптөгөн жылдар бою чет мамлекеттердин кол астында калган Финляндия калкы азыркыга чейин өздөрүндө калыптанып калган окуу көндүмүн өнүктүрүп, өлкөсүндөгү түрдүү этникалык топтордун көптүгүнө карабастан билим берүү тармагында иштиктүү реформаларды жасаган. Соңку жылдардагы эл аралык PISA сынагында жана PIRLS, TIMSS жарыштарында Финляндиялык окуучулар математика, табигый илимдер жана окуу жөндөмү боюнча алгачкы орундарды алып келет. Өлкөнүн 2000, 2003, 2006, 2009 жана 2012-жылдардагы жогорку даражадагы көрсөткүчтөрү бардык дүйнөнүн, өзгөчө алдынкы орундарга ээ болгон башка OECD өлкөлөрүнүн да кө ...More
Биздин бул макалабыз кыргыз тилиндеги көп кетирилген каталар тууралуу болмокчу. Бул макаланы жазуудагы максатыбыз – жалпы элдик тилдин бириккен формасы болгон кыргыз адабий тилинин системага келтирилген бирдиктүү нормасын сактоо, кыргыз адабий тилинин орфографиялык, орфоэпиялык, стилистикалык, пунктуациялык эрежелерин сактоо жана нормага салынган адабий тилдин эрежелеринин одоно бузулууларына жол бербөө. Кыргыз тилиндеги көп кетирилген каталарды белгилеп көрсөтүү аркылуу ал каталардын кетирилбөөсү жана буларга өзгөчө көңүл бөлүнүүсү керектигин эскертүү, кыргыз адабий тилиндеги бирдиктүү нормал ...More
Калктардын этникалык башшатын аныктоодо этнофольклордук материалдар арсынан айрыкча санжыралык маалыматтар маанилүү роль ойнойт. Санжыралык материалдарда байыркы кыргыздардын тарыхына байланыштуу маалыматтар арбын учурайт. Аларды кытай булактарында айтылган кабарлар менен салыштыруу ыкмасы б. з. III-V кк. өткөн тарыхый процессти калыбына келтирүүгө көмөк берет. Жазма булактарда эскерилген кыргыздардын динлиндер менен аралашып кеткендиги туурасындагы маалыматты талдоо жолу, динлин – теле – огуз этносунун тектик тарыхы бир болгондугун көрсөтөт. Жазма булактарында теле урууларынын катмарынан чыкк ...More