- You can use the 'AND' / 'OR' / 'NOT' option for the things you want to add or remove. - You can return to normal search by pressing the Cancel button.
Дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпикалык чыгармалардын бири “Манас” экени талашсыз. “Манас” дастаны кыргыз элинин жалпы маданиятын, тарыхын, үрп-адатын, этнографиясын жб. чагылдырган чыгарма болуусу менен коомубузда кыргыз элинин энциклопедиясы деп да аталганы маалым. “Манас” бул жагынан алганда этно-маданий, тарыхый маалыматтарды берүү менен катар тилдик каражаттарынын да зор казынасы болуп эсептелет. Бул макалада “Манас” дастанынын Жүсүп Мамай вариантында кездешкен айрым тилдик фактылар иликтөөгө алынат. Тактап айтканда, бул вариантта кездешкен чакчылдын –галы формасы азыркы адабий кыргыз тилиндеги –г ...More