- You can use the 'AND' / 'OR' / 'NOT' option for the things you want to add or remove. - You can return to normal search by pressing the Cancel button.
Адамзат тарыхында ойчулдар көңүл бурган эң маанилүү маселелердин бири бактылуулук маселеси экендиги талашсыз. Байыркы доорлордон бүгүнкү күнгө чейин бактылуулук темасы ар түрдүү көз караштардын алкагында изилденип жана талкууланып келет. Бактылуулуктун эмне болгондугу, бакыт деген нерсенин чындап бар болуп болбогондугу, эгер бар болсо ага кантип жетүүгө боло тургандыгы, адамдардын эмне үчүн бакытты каалагандыгы ж.б.у.с. суроолор тынымсыз талкууланып, жооп табууга аракет кылынган. Жалпысынан бактылуулук ахлак философиянын алкагында талкууланган, бирок ошол эле учурда психология, саясат, укук сы ...More