- Вы можете использовать опцию И / ИЛИ / НЕ для критериев, которые вы хотите добавить или. - Вы можете вернуться к обычному поиску, нажав кнопку Отмена.
Кыргыз эли көптөгөн кылымдарды карыткан бай маданий мураска ээ этнос. Көптөгөн кылымдар бою алар көчмөн мүнөздүү турмуш-тиричилик кечирип жашап келишкен. Бүгүнкү күндөрдө дагы айыл жергелериндеги мал чарбасы менен алектенген калк жарым-жартылай көчмөн турмушта жашап келишет. Этноветеринардык медицинадагы билимдер, усулдар жана практикалар кыргыз элинин көчмөн цивилизациясынын татаал жана дээрлик изилденбеген бөлүгү болуп келет. Башка этникалык тайпалар сыяктуу эле, кыргыз эли дагы өсүмдүк, айбан жана минерал табияттуу өндүрүмдөрдү мал дарыгерликте кеңири пайдаланышып, ар кандай ритуалдарды даг ...Более
Макалада кыргыз элинин элдик ветеринариясында колдонулган дары өсүмдүктөр боюнча маалыматтар берилди. Материалдар бийик тоолуу Нарын, Ысык-Көл жана Чүй областарында талаа экспедициялары учурунда чогултулду. Кыргыз эли колдонгон дары өсүмдүктөрдүн көпчүлүгү илимий негиздөөгө алынган эмес. Ошондуктан, бул салттуу билимдер илимий-врачтык кызыгууга караганда этнографиялык жана тарыхий кызыгууну жаратып келет.