Кыргыз эли көптөгөн кылымдарды карыткан бай маданий мураска ээ этнос. Көптөгөн кылымдар бою алар көчмөн мүнөздүү турмуш-тиричилик кечирип жашап келишкен. Бүгүнкү күндөрдө дагы айыл жергелериндеги мал чарбасы менен алектенген калк жарым-жартылай көчмөн турмушта жашап келишет. Этноветеринардык медицинадагы билимдер, усулдар жана практикалар кыргыз элинин көчмөн цивилизациясынын татаал жана дээрлик изилденбеген бөлүгү болуп келет. Башка этникалык тайпалар сыяктуу эле, кыргыз эли дагы өсүмдүк, айбан жана минерал табияттуу өндүрүмдөрдү мал дарыгерликте кеңири пайдаланышып, ар кандай ритуалдарды дагы колдонуп келишкен. Мындай этноветеринардык дары каражаттары негизинен элдик ыкмалар, ишенимдер, билимдер, практикалар жана усулдар менен тыгыз байланышкан. Салттуу билимдерге, ыкмаларга жана усулдарга таянган дары каражаттарын малдын ылаңдарын алдын алууда, малдын дарттарын дарылоодо колдонуу көчмөн кыргыз эли үчүн абдан маанилүү болгон. Кыргыз элинин мал ылаңдарын алдын алуудагы колдонгон каражаттарынын жана ыкмаларынын көпчүлүгү илимий негиздөөгө алынган эмес, ошондуктан бүгүнкү күнгө дейре илимий-врачтык далилдөөгө караганда этнографиялык кызыгууну жаратып келет. Бул макаланын максаты – кыргыз элинин малдын ылаңдарын алдын алууда колдонулган салттуу билимдерин жана ыкмаларын изилдөө болуп саналат. Изилдөөлөрдүн максатына ылайык илим-изилдөө мекемелеринин архивдеринде, илимий китепканаларда иликтөө иштери, Ысык-Көл жана Нарын областарында байкоолор, малчылар жана ветеринардык адистер менен жеке сурамжылоолорго негизделген талаа изилдөөлөрү жүргүзүлдү. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында төмөндөгүдөй маалыматтар алынды: мал баш калкалоочу жайлардын жалпы «санитардык-эпидемиологиялык» тазалыгын камсыздоо иш-чараларынын аткарылышы; жайыттын-конуштун «колдоочуларына» жана малдын «пирлерине» арналган ырым-жырымдар; малды жыландардан, курт-кумурскалардан жана башка мителерден коргоо иш-чаралары; жыл мезгилдерине тиешелүү коркунучтарды алдын алуу иш-чаралары; бооз малды, жаш төлдү жана төлүн эмизген малдын ден-соолугун сактоого карата жүргүзүлгөн иш-чаралар; мал ылаңдарын алдын алууда санитардык-гигиеналык ыкмаларды, минералдарды жана дары өсүмдүктөрдү колдонуу; малдын жугушсуз, жугуштуу жана мите ыдаңдарын алдын алуудагы иш-чаралар.
The Kyrgyz people have a rich centuries-old cultural heritage. For many centuries, they have led a nomadic lifestyle, and even today, in rural areas, people who are engaged in livestock breeding lead a seminomadic lifestyle. Like other ethnic groups, the Kyrgyz people widely use plant-based, animal-derived and mineral-derived natural products, and engage in various religious rituals. These ethnoveterinary medicines are generally associated with folk skills, beliefs, knowledge, practices, and methods related to animal health in the ethnic group areas. The use of plant species mentioned for ethnoveterinary use in the folk cure and prevention of livestock ailments on the part of the nomadic Kyrgyz people is very important. Most of the tools and methods used by the Kyrgyz people in the prevention of animal diseases are not scientifically substantiated, and to this day are of more ethnographic interest than scientific evidence. The purpose of this research is to study the traditional knowledge and methods used by the Kyrgyz people in the prevention of animal diseases. According to the purpose of the present research, which was conducted in the archives of research institutions, scientific libraries and based on field surveys with herders and veterinarians in Issyk-Kul and Naryn oblasts. As a result of the research, the following information was collected: implementation of measures to ensure general "sanitary and epidemiological" cleanliness of animal shelters; rituals dedicated to "patrons" of pastures and "pir (protectors)" of animals; measures to protect livestock from snakes, insects, and other parasites; prevention measures of seasonal hazards; measures are taken to protect the health of pregnant, young, and lactating animals; use of sanitary and hygienic methods, minerals, and medicinal plants in the prevention of animal diseases; measures for the prevention of non-infectious, contagious and parasitic diseases of animals.
Название публикации (dc.title) | Мал ылаңдарын алдын алуудагы кыргыз элинин салттуу ыкмалары = The Traditional Knowledge of the Kyrgyz People in the Prevention of Animal Diseases |
Автор/ы (dc.contributor.yazarlar) | Гүлназ Аскарбек, Аскарбек Түлөбаев |
Вид публикации (dc.type) | Makale |
Язык (dc.language) | Kırgızca |
Год публикации (dc.date.issued) | 2021 |
Национальный/Международный (dc.identifier.ulusaluluslararasi) | Ulusal |
Источник (dc.relation.journal) | MANAS Journal of Agriculture, Veterinary and Life Science (MJAVL) |
Номер (dc.identifier.issue) | 2 |
Том/№ (dc.identifier.volume) | 11 |
Страница (dc.identifier.startpage) | 138-144 |
ISSN/ISBN (dc.identifier.issn) | Online ISSN: 1694-7932 |
Издатель (dc.publisher) | Kyrgyz - Turkish Manas University |
Базы данных (dc.contributor.veritaban) | Ulakbim (DergiPark) |
Базы данных (dc.contributor.veritaban) | EBSCOHost |
Вид индекса (dc.identifier.index) | Alan Indeks |
Резюме (dc.description.abstract) | Кыргыз эли көптөгөн кылымдарды карыткан бай маданий мураска ээ этнос. Көптөгөн кылымдар бою алар көчмөн мүнөздүү турмуш-тиричилик кечирип жашап келишкен. Бүгүнкү күндөрдө дагы айыл жергелериндеги мал чарбасы менен алектенген калк жарым-жартылай көчмөн турмушта жашап келишет. Этноветеринардык медицинадагы билимдер, усулдар жана практикалар кыргыз элинин көчмөн цивилизациясынын татаал жана дээрлик изилденбеген бөлүгү болуп келет. Башка этникалык тайпалар сыяктуу эле, кыргыз эли дагы өсүмдүк, айбан жана минерал табияттуу өндүрүмдөрдү мал дарыгерликте кеңири пайдаланышып, ар кандай ритуалдарды дагы колдонуп келишкен. Мындай этноветеринардык дары каражаттары негизинен элдик ыкмалар, ишенимдер, билимдер, практикалар жана усулдар менен тыгыз байланышкан. Салттуу билимдерге, ыкмаларга жана усулдарга таянган дары каражаттарын малдын ылаңдарын алдын алууда, малдын дарттарын дарылоодо колдонуу көчмөн кыргыз эли үчүн абдан маанилүү болгон. Кыргыз элинин мал ылаңдарын алдын алуудагы колдонгон каражаттарынын жана ыкмаларынын көпчүлүгү илимий негиздөөгө алынган эмес, ошондуктан бүгүнкү күнгө дейре илимий-врачтык далилдөөгө караганда этнографиялык кызыгууну жаратып келет. Бул макаланын максаты – кыргыз элинин малдын ылаңдарын алдын алууда колдонулган салттуу билимдерин жана ыкмаларын изилдөө болуп саналат. Изилдөөлөрдүн максатына ылайык илим-изилдөө мекемелеринин архивдеринде, илимий китепканаларда иликтөө иштери, Ысык-Көл жана Нарын областарында байкоолор, малчылар жана ветеринардык адистер менен жеке сурамжылоолорго негизделген талаа изилдөөлөрү жүргүзүлдү. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында төмөндөгүдөй маалыматтар алынды: мал баш калкалоочу жайлардын жалпы «санитардык-эпидемиологиялык» тазалыгын камсыздоо иш-чараларынын аткарылышы; жайыттын-конуштун «колдоочуларына» жана малдын «пирлерине» арналган ырым-жырымдар; малды жыландардан, курт-кумурскалардан жана башка мителерден коргоо иш-чаралары; жыл мезгилдерине тиешелүү коркунучтарды алдын алуу иш-чаралары; бооз малды, жаш төлдү жана төлүн эмизген малдын ден-соолугун сактоого карата жүргүзүлгөн иш-чаралар; мал ылаңдарын алдын алууда санитардык-гигиеналык ыкмаларды, минералдарды жана дары өсүмдүктөрдү колдонуу; малдын жугушсуз, жугуштуу жана мите ыдаңдарын алдын алуудагы иш-чаралар. |
Резюме (dc.description.abstract) | The Kyrgyz people have a rich centuries-old cultural heritage. For many centuries, they have led a nomadic lifestyle, and even today, in rural areas, people who are engaged in livestock breeding lead a seminomadic lifestyle. Like other ethnic groups, the Kyrgyz people widely use plant-based, animal-derived and mineral-derived natural products, and engage in various religious rituals. These ethnoveterinary medicines are generally associated with folk skills, beliefs, knowledge, practices, and methods related to animal health in the ethnic group areas. The use of plant species mentioned for ethnoveterinary use in the folk cure and prevention of livestock ailments on the part of the nomadic Kyrgyz people is very important. Most of the tools and methods used by the Kyrgyz people in the prevention of animal diseases are not scientifically substantiated, and to this day are of more ethnographic interest than scientific evidence. The purpose of this research is to study the traditional knowledge and methods used by the Kyrgyz people in the prevention of animal diseases. According to the purpose of the present research, which was conducted in the archives of research institutions, scientific libraries and based on field surveys with herders and veterinarians in Issyk-Kul and Naryn oblasts. As a result of the research, the following information was collected: implementation of measures to ensure general "sanitary and epidemiological" cleanliness of animal shelters; rituals dedicated to "patrons" of pastures and "pir (protectors)" of animals; measures to protect livestock from snakes, insects, and other parasites; prevention measures of seasonal hazards; measures are taken to protect the health of pregnant, young, and lactating animals; use of sanitary and hygienic methods, minerals, and medicinal plants in the prevention of animal diseases; measures for the prevention of non-infectious, contagious and parasitic diseases of animals. |
URL (dc.rights) | https://dergipark.org.tr/tr/pub/mjavl/issue/66395/884684 |
Факультет / Институт (dc.identifier.fakulte) | Veteriner Fakültesi |
Кафедра (dc.identifier.bolum) | Veteriner |
Автор(ы) в учреждении (dc.contributor.author) | Askarbek TÜLÖBAEV |
№ регистрации (dc.identifier.kayitno) | BL74710ED1 |
Дата регистрации (dc.date.available) | 2022-02-08 |
Заметка (Год публикации) (dc.identifier.notyayinyili) | 2021 |
Тематический рубрикатор (dc.subject) | Kyrgyzstan |
Тематический рубрикатор (dc.subject) | folk veterinary medicine |
Тематический рубрикатор (dc.subject) | the prevention of animal diseases |
Тематический рубрикатор (dc.subject) | traditional knowledge |