- Вы можете использовать опцию И / ИЛИ / НЕ для критериев, которые вы хотите добавить или. - Вы можете вернуться к обычному поиску, нажав кнопку Отмена.
XIX кылымдын 60-жылдарынан баштап Кыргызстандын учурдагы аймактары Россия империясынын курамына каратылган. Ошондуктан Кыргызстандын ветеринария тармагынын XIX кылымдын акырындагы жана XX кылымдын башындагы абалы Россия империясынын ветеринария тармагынын өнүгүү тарыхы менен тыгыз байланыштуу. Бул макаланын максаты – Түркстандын Жети-Суу областынын Пишпек жана Пржевальский уездериндеги ветеринария тармагынын 1868 1917-жылдардагы абалын Россия империясынын ветеринариясынын калыптануусунун жана өнүгүүсүнүн биринчи этабына салыштырып иликтөө болуп саналат. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында төмөндөгүдөй ...Более
Кыргыз Республикасында жылкылардын бакубаттуулугун баалоо протоколунун концепциясын иштеп чыгууда, жылкыларды үйүрдө багуунун климаттык жана технологиялык өзгөчө шарттарын эске алуу зарыл. Макаланын максаты – тоолуу жайыттардын шарттарында асыралган үйүрлүү жылкылардын бакубаттуулугун баалоо протоколунун концепциясын аныктоо болуп саналат. Изилдөөлөрдүн темасына ылайык илимий булактарды иликтөөлөр илимий китепканаларда жана интернет булактарында жүргүзүлдү. Жайыттардын шартында асыралган жылкылардын бакубаттуулук деңгээлин баалоо критерийлери же өлчөнүүчү көрсөткүчтөрү байкоонун түз жана кыйыр ...Более
Кыргыз эли көптөгөн кылымдарды карыткан бай маданий мураска ээ этнос. Көптөгөн кылымдар бою алар көчмөн мүнөздүү турмуш-тиричилик кечирип жашап келишкен. Бүгүнкү күндөрдө дагы айыл жергелериндеги мал чарбасы менен алектенген калк жарым-жартылай көчмөн турмушта жашап келишет. Этноветеринардык медицинадагы билимдер, усулдар жана практикалар кыргыз элинин көчмөн цивилизациясынын татаал жана дээрлик изилденбеген бөлүгү болуп келет. Башка этникалык тайпалар сыяктуу эле, кыргыз эли дагы өсүмдүк, айбан жана минерал табияттуу өндүрүмдөрдү мал дарыгерликте кеңири пайдаланышып, ар кандай ритуалдарды даг ...Более
Макалада кыргыз элинин элдик ветеринариясында колдонулган дары өсүмдүктөр боюнча маалыматтар берилди. Материалдар бийик тоолуу Нарын, Ысык-Көл жана Чүй областарында талаа экспедициялары учурунда чогултулду. Кыргыз эли колдонгон дары өсүмдүктөрдүн көпчүлүгү илимий негиздөөгө алынган эмес. Ошондуктан, бул салттуу билимдер илимий-врачтык кызыгууга караганда этнографиялык жана тарыхий кызыгууну жаратып келет.