- Вы можете использовать опцию И / ИЛИ / НЕ для критериев, которые вы хотите добавить или. - Вы можете вернуться к обычному поиску, нажав кнопку Отмена.
Дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпикалык чыгармалардын бири “Манас” экени талашсыз. “Манас” дастаны кыргыз элинин жалпы маданиятын, тарыхын, үрп-адатын, этнографиясын жб. чагылдырган чыгарма болуусу менен коомубузда кыргыз элинин энциклопедиясы деп да аталганы маалым. “Манас” бул жагынан алганда этно-маданий, тарыхый маалыматтарды берүү менен катар тилдик каражаттарынын да зор казынасы болуп эсептелет. Бул макалада “Манас” дастанынын Жүсүп Мамай вариантында кездешкен айрым тилдик фактылар иликтөөгө алынат. Тактап айтканда, бул вариантта кездешкен чакчылдын –галы формасы азыркы адабий кыргыз тилиндеги –г ...Более
Makalede Köktürk harfli Yenisey yazıtlarında geçen kişi adlarının yapısındaki kelimeler ele alınarak kültürel dil bilim açısından incelenmiştir. Çünkü Köktürk harfli Yenisey yazıtları Türkçenin en eski yazılı metinleri olarak Eski Türk halklarının kültürünü, felsefesini ve toplum hayatını araştırmamız ve anlamamız açısından çok büyük önem arz etmektedir. Kişi adları kültürel değerleri, felsefi bilgileri içermesi bakımından dilin en önemli birimidir. Dolayısıyla eski metinler kültürel dilbilim açısından incelenirken ele alınacak ilk veri kişi adları ve onları oluşturan kelimelerdir. Makalemizde ...Более
«Замана» темасы кыргыз адабиятында көптөн бери талкууланып, бирок ушул күнгө чейин түйүнү чечилбей келе жаткан маселелердин бири. Айталы, замана ырлары көркөм идеялык мазмуну жагынан да, жанрдык табияты боюнча да так аныктамасын ала элек. Бул маселени чечүүдө «замана» темасын колго алган изилдөөлөрдү хронологиялык тартипте кароо талапка ылайык. Анткени, маселенин изилдениш тарыхына көз чаптыруу ага берилген айрым сыпаттамалардын берилиш себебин түшүнүүнү оңойлотот.
Макалада «замана» поэзиясынын теориялык маселелеринин изилденүү деңгээли, багыты жана ага берилген айрым аныктамалар туурасында ой ...Более
Биздин бул макалабыз кыргыз тилиндеги көп кетирилген каталар тууралуу болмокчу. Бул макаланы жазуудагы максатыбыз – жалпы элдик тилдин бириккен формасы болгон кыргыз адабий тилинин системага келтирилген бирдиктүү нормасын сактоо, кыргыз адабий тилинин орфографиялык, орфоэпиялык, стилистикалык, пунктуациялык эрежелерин сактоо жана нормага салынган адабий тилдин эрежелеринин одоно бузулууларына жол бербөө. Кыргыз тилиндеги көп кетирилген каталарды белгилеп көрсөтүү аркылуу ал каталардын кетирилбөөсү жана буларга өзгөчө көңүл бөлүнүүсү керектигин эскертүү, кыргыз адабий тилиндеги бирдиктүү нормал ...Более
“Манас” эпосун изилдеген окумуштуулардын басымдуу бөлүгү бул эпос менен байыркы түрк (руникалык) жазма эстеликтеринин ортосундагы мазмундук, көркөмдүк окшоштуктарга көңүл бурушкан. Өзгөчө, “Манас” эпосунун генезисин изилдеген А. Н. Бернштам, Р. Кыдырбаева, А. Бакиров ж.б. окумуштуулар эпосто чагылдырылган жашоонун, тарыхый окуялардын, коомдук-этнографиялык кубулуштардын негизинде VII-X кылымдардагы байыркы түрк/кыргыз доору жатканын болжолдошкон. Чындыгында эле “Манас” эпосу менен байыркы түрк (руникалык) жазма эстеликтеринин, байыркы түрк доорунун ортосунда биртоп окшоштуктар бар. Алардын бир ...Более
Роман - кыскача айтканда, болуп ѳткѳн же боло турган окуяларды бир бүтүн нерсе катары кара сѳз түрүндѳ баяндаган адабий жанр. Taрых - бүгүнкү күн менен ѳткѳндү байланыштырып турган кѳпүрѳ болуп эсептелет. Кыргыз адабиятында тарыхый роман түрү бардык тоскоолдуктарга карабай, 1960-ж. күч ала баштаган. 1991-ж. кийин, башкача айтканда Кыргызстан эгемендүүлүгүн колго алгандан кийин башка тармактардагыдай, тарыхый роман түрүндө да жазуучулар эгемендүүлүккө ээ болгон жана айрыкча тарыхый-биографиялык романдар жазыла баштаган. “Манас” дастаны менен дүйнѳнү дүңгүрѳткѳн кыргыздардын оозеки адабияты абда ...Более
“Манас” эпосунда жана айрым чыгармаларда азыркы кыргыз тилинде активдүү колдонулбаган жана грамматикага арналган эмгектерде каралбаган /+дайын/ мүчөсү бар. Бул мүчө бир нерсенин кыймыл-аркетин, жүрүм-турумун экинчи бир нерсенин кыймыл-аракетине, жүрүм-турумуна салыштырып көрсөткөн, алардын окшош экендигин белгилеген сын-сыпат тактооч сөздөрдү жасайт. Мисалы, “Манас” эпосунда “Камандайын чалышып” сүйлөмүндө каман зат атоочуна жалганган /+дайын/ мүчөсү камандай болуп деген маани берген камандайын тактооч сөзүн жасаган.
Макалада улуттук маданияттын бир түрү болгон “той” түшүнүгү аркылуу кыргыз элинин таанып билүүсү, көз карашы, этноменталдык өзгөчөлүгү ачып көрсөтүлөт.
Тил илиминде тил менен маданияттын өз ара байланышы, тилди окуп-үйрөнүү аркылуу маданияттын формасын окуп-үйрөнүү маселелери негизги делип эсептелинет. Маданият – бул адамзаттын коомдогу жетишкендиктеринин (акыл-ойдун, илим-билимдин ж.б.) жыйындысы. Ар бир улут өз элинин маданиятын ар башкача чагылтат. Ал ошол элдин үрп-адатынан, жашоо-турмуш маданиятынан, жүрүш-туруш, сүйлөө маданиятынан көрүнөт. Мисалы, түрк элдеринин руханий маданиятында, б ...Более