Макалада улуттук маданияттын бир түрү болгон “той” түшүнүгү аркылуу кыргыз элинин таанып билүүсү, көз карашы, этноменталдык өзгөчөлүгү ачып көрсөтүлөт.
Тил илиминде тил менен маданияттын өз ара байланышы, тилди окуп-үйрөнүү аркылуу маданияттын формасын окуп-үйрөнүү маселелери негизги делип эсептелинет. Маданият – бул адамзаттын коомдогу жетишкендиктеринин (акыл-ойдун, илим-билимдин ж.б.) жыйындысы. Ар бир улут өз элинин маданиятын ар башкача чагылтат. Ал ошол элдин үрп-адатынан, жашоо-турмуш маданиятынан, жүрүш-туруш, сүйлөө маданиятынан көрүнөт. Мисалы, түрк элдеринин руханий маданиятында, башка дүйнө элдериндегидей эле, ар кандай жакшылыктарда эл чакырылып, тамак-аш берилип, оюн-тамаша менен коштолуп өткөрүлүүчү “той” каада-салты бар. Бул каада-салт байыртадан бери улуттук маданияттын бир түрү катары өткөрүлүп келүүдө.
Бул макалада кыргыз элинин улуттук маданиятынын бир түрү болгон “той” түшүнүгү өзүнчө концепт катары алынып, когнитивдик лингвистиканын лингвомаданий ыкмасы менен талдоого алынды. Концепт менталдык түшүнүк болгондуктан тил менен маданияттын байланышы аркылуу изилденет жана изилдөөнүн жыйынтыгында тигил же бул элдин ой жүгүртүүсү, таанып билүүсү, элестөөлөрү, моралдык-нравалык көз карашы, дүйнө тууралуу маалыматтары ж.б. өзгөчөлүктөрү көрсөтүлөт. Когнитивдик лингвистиканын максаты – изилдөөгө алынган концептти вербалдык форма аркылуу дээрлик толук чагылдырып берүү.
Изилдөөбүздүн максаты да кыргыз тилиндеги “той” концептинин универсалдык жана элдик жалпы жоболорго негизделген этноменталдык өзгөчөлүгүн ачып көрсөтүү. Иликтөө ишибизде “той” концептин чагылдырууга “катышкан” тилдик каражаттардын: сөздүктөрдөгү түшүндүрмөлөр, “той” сөзүнүн этимологиясы, “той” сөзү катышкан тилдик бирдиктер, жакын маанидеги сөздөр, паремиялар, фольклордук чыгармалар, көркөм адабий чыгармалар ж.б. факт-материалдардын негизинде талдоо жөргүздүк. Жыйынтыгында кыргыз элинин “той” түшүнүгүнүн улуттук мазмуну аныкталды. Алар төмөндөгүлөр: той – жакшылык; той – бата алуу; той – каада-салт; той – байлык; той – оюн-зоок; той – ынтымак.
Название публикации (dc.title) | Кыргыз Тилиндеги “Той” Концептинин Улуттук Мазмуну = The National Importance of the Concept Toy in Kyrgyz Language |
Автор/ы (dc.contributor.yazarlar) | Burul Saginbayeva |
Вид публикации (dc.type) | Makale |
Язык (dc.language) | Kırgızca |
Год публикации (dc.date.issued) | 2020 |
Национальный/Международный (dc.identifier.ulusaluluslararasi) | Ulusal |
Источник (dc.relation.journal) | MANAS Journal of Social Studies (MJSS) - MANAS Sosyal Araştırmalar Dergisi |
Номер (dc.identifier.issue) | 2 |
Том/№ (dc.identifier.volume) | 9 |
Страница (dc.identifier.startpage) | 1168-1179 |
ISSN/ISBN (dc.identifier.issn) | ISSN: 1694-7215 |
Издатель (dc.publisher) | Kyrgyz - Turkish Manas University |
Базы данных (dc.contributor.veritaban) | Ulakbim (DergiPark) |
Базы данных (dc.contributor.veritaban) | EBSCOHost |
Вид индекса (dc.identifier.index) | Alan Indeks |
Резюме (dc.description.abstract) | Макалада улуттук маданияттын бир түрү болгон “той” түшүнүгү аркылуу кыргыз элинин таанып билүүсү, көз карашы, этноменталдык өзгөчөлүгү ачып көрсөтүлөт. |
Резюме (dc.description.abstract) | Тил илиминде тил менен маданияттын өз ара байланышы, тилди окуп-үйрөнүү аркылуу маданияттын формасын окуп-үйрөнүү маселелери негизги делип эсептелинет. Маданият – бул адамзаттын коомдогу жетишкендиктеринин (акыл-ойдун, илим-билимдин ж.б.) жыйындысы. Ар бир улут өз элинин маданиятын ар башкача чагылтат. Ал ошол элдин үрп-адатынан, жашоо-турмуш маданиятынан, жүрүш-туруш, сүйлөө маданиятынан көрүнөт. Мисалы, түрк элдеринин руханий маданиятында, башка дүйнө элдериндегидей эле, ар кандай жакшылыктарда эл чакырылып, тамак-аш берилип, оюн-тамаша менен коштолуп өткөрүлүүчү “той” каада-салты бар. Бул каада-салт байыртадан бери улуттук маданияттын бир түрү катары өткөрүлүп келүүдө. |
Резюме (dc.description.abstract) | Бул макалада кыргыз элинин улуттук маданиятынын бир түрү болгон “той” түшүнүгү өзүнчө концепт катары алынып, когнитивдик лингвистиканын лингвомаданий ыкмасы менен талдоого алынды. Концепт менталдык түшүнүк болгондуктан тил менен маданияттын байланышы аркылуу изилденет жана изилдөөнүн жыйынтыгында тигил же бул элдин ой жүгүртүүсү, таанып билүүсү, элестөөлөрү, моралдык-нравалык көз карашы, дүйнө тууралуу маалыматтары ж.б. өзгөчөлүктөрү көрсөтүлөт. Когнитивдик лингвистиканын максаты – изилдөөгө алынган концептти вербалдык форма аркылуу дээрлик толук чагылдырып берүү. |
Резюме (dc.description.abstract) | Изилдөөбүздүн максаты да кыргыз тилиндеги “той” концептинин универсалдык жана элдик жалпы жоболорго негизделген этноменталдык өзгөчөлүгүн ачып көрсөтүү. Иликтөө ишибизде “той” концептин чагылдырууга “катышкан” тилдик каражаттардын: сөздүктөрдөгү түшүндүрмөлөр, “той” сөзүнүн этимологиясы, “той” сөзү катышкан тилдик бирдиктер, жакын маанидеги сөздөр, паремиялар, фольклордук чыгармалар, көркөм адабий чыгармалар ж.б. факт-материалдардын негизинде талдоо жөргүздүк. Жыйынтыгында кыргыз элинин “той” түшүнүгүнүн улуттук мазмуну аныкталды. Алар төмөндөгүлөр: той – жакшылык; той – бата алуу; той – каада-салт; той – байлык; той – оюн-зоок; той – ынтымак. |
URL (dc.rights) | https://dergipark.org.tr/tr/pub/mjss/issue/53880/546652 |
Факультет / Институт (dc.identifier.fakulte) | Edebiyat Fakültesi |
Кафедра (dc.identifier.bolum) | Türkoloji Bölümü |
Автор(ы) в учреждении (dc.contributor.author) | Burul SAGINBAYEVA |
№ регистрации (dc.identifier.kayitno) | BL5EF5BBCF |
Дата регистрации (dc.date.available) | 2020-12-02 |
Заметка (Год публикации) (dc.identifier.notyayinyili) | 2020 |
Тематический рубрикатор (dc.subject) | cognitive linguistics |
Тематический рубрикатор (dc.subject) | linguoculturological method |
Тематический рубрикатор (dc.subject) | concept |
Тематический рубрикатор (dc.subject) | wedding |
Тематический рубрикатор (dc.subject) | tradition |
Тематический рубрикатор (dc.subject) | kindness |
Тематический рубрикатор (dc.subject) | feast |
Тематический рубрикатор (dc.subject) | fiesta;blessing |
Тематический рубрикатор (dc.subject) | entertainment |