- Вы можете использовать опцию И / ИЛИ / НЕ для критериев, которые вы хотите добавить или. - Вы можете вернуться к обычному поиску, нажав кнопку Отмена.
Кыргыз Республикасында жылкылардын бакубаттуулугун баалоо протоколунун концепциясын иштеп чыгууда, жылкыларды үйүрдө багуунун климаттык жана технологиялык өзгөчө шарттарын эске алуу зарыл. Макаланын максаты – тоолуу жайыттардын шарттарында асыралган үйүрлүү жылкылардын бакубаттуулугун баалоо протоколунун концепциясын аныктоо болуп саналат. Изилдөөлөрдүн темасына ылайык илимий булактарды иликтөөлөр илимий китепканаларда жана интернет булактарында жүргүзүлдү. Жайыттардын шартында асыралган жылкылардын бакубаттуулук деңгээлин баалоо критерийлери же өлчөнүүчү көрсөткүчтөрү байкоонун түз жана кыйыр ...Более
Кыргыз эли көптөгөн кылымдарды карыткан бай маданий мураска ээ этнос. Көптөгөн кылымдар бою алар көчмөн мүнөздүү турмуш-тиричилик кечирип жашап келишкен. Бүгүнкү күндөрдө дагы айыл жергелериндеги мал чарбасы менен алектенген калк жарым-жартылай көчмөн турмушта жашап келишет. Этноветеринардык медицинадагы билимдер, усулдар жана практикалар кыргыз элинин көчмөн цивилизациясынын татаал жана дээрлик изилденбеген бөлүгү болуп келет. Башка этникалык тайпалар сыяктуу эле, кыргыз эли дагы өсүмдүк, айбан жана минерал табияттуу өндүрүмдөрдү мал дарыгерликте кеңири пайдаланышып, ар кандай ритуалдарды даг ...Более
Кулпунай Fragaria ananassa Duch. дүйнө жүзүндө кеңири аянттарда өстүрүлгөн, көп жылдык чөп өсүмдүгү. Ал субтропикалык жылуу, салкын климатта эң жакшы өсүп, анын жемиштери өзгөчө өңү, жыты жана даамы менен адамзат үчүн өтө баалуу азык болуп саналат. Кулпунай толук бышкан абалында таза түрүндө, андан сырткары таттууларды жана ичимдиктерди жасоодо колдонулат. Кулпунай өстүрүүчүлүк Кыргызстанда маанилүү жана артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Кыргызстанда кулпунай негизинен талаа шарттарында өстүрүлөт, ошондуктан жай мезгилинде бышат жана сатыкка чыгат. Кулпунай башка өсүмдүктөр сыяктуу эле өстүрү ...Более
“Манас” эпосунда жана айрым чыгармаларда азыркы кыргыз тилинде активдүү колдонулбаган жана грамматикага арналган эмгектерде каралбаган /+дайын/ мүчөсү бар. Бул мүчө бир нерсенин кыймыл-аркетин, жүрүм-турумун экинчи бир нерсенин кыймыл-аракетине, жүрүм-турумуна салыштырып көрсөткөн, алардын окшош экендигин белгилеген сын-сыпат тактооч сөздөрдү жасайт. Мисалы, “Манас” эпосунда “Камандайын чалышып” сүйлөмүндө каман зат атоочуна жалганган /+дайын/ мүчөсү камандай болуп деген маани берген камандайын тактооч сөзүн жасаган.