Осмонаалы Сыдыков өз мезгили үчүн жетиштүү билим алган жана ошол кездеги шартка ылайык коомдон алдыга озгон инсан болгон. Ал кыргыз калкынын тарыхын изилдеп, абалын аныктайм деп аракеттенип, талыкбай материал топтогон. Натыйжасында, эки чыгарма жазылып, алар алыскы Уфа шаарында 1913, 1914-жылдары басмаканадан өз алдынча эки китеп болуп жарыяланган. Автор чыгармаларга тарых китеби деген аталыш ыйгарып, алардын кыргыз тарыхы боюнча биринчи китеп катары каралышына негиз салган. Совет бийлигинин калыптануу учурунда белгисиз себептерге байланыштуу О. Сыдыков эл-жеринен качып, анын чыгармаларына тыю ...Дагы