Адамзат тарыхында ойчулдар көңүл бурган эң маанилүү маселелердин бири бактылуулук маселеси экендиги талашсыз. Байыркы доорлордон бүгүнкү күнгө чейин бактылуулук темасы ар түрдүү көз караштардын алкагында изилденип жана талкууланып келет. Бактылуулуктун эмне болгондугу, бакыт деген нерсенин чындап бар болуп болбогондугу, эгер бар болсо ага кантип жетүүгө боло тургандыгы, адамдардын эмне үчүн бакытты каалагандыгы ж.б.у.с. суроолор тынымсыз талкууланып, жооп табууга аракет кылынган. Жалпысынан бактылуулук ахлак философиянын алкагында талкууланган, бирок ошол эле учурда психология, саясат, укук сы ...Daha fazlası
Ар бир үй-бүлөдө атанын орду абдан чоң мааниге ээ. Анткени, ата-эне менен чогуу, ынтымактуу үй-бүлөдө жашаган бала – бактылуу балалык мезгилин жашай алат. Атанын мээримин, тарбиясын, таалимин, камкордугун көрүп чоңойгон бала – коомдо өз ордун тез таап кете алат. Мындай бала – ырыстуу бала. Андай баланы «жакшы атанын уулу экен», же «атанын таалимин көрүп өскөн бала» деп, эл оозунда мактоого арзыйт. Биз бул макалада ата жана уулдун ортосундагы мамиле кандай болуусу керектигин ыйык китебибиз Курандын негизинде талкуу кылабыз. Пайгамбарлардан Адам ата жана анын эки уулунан тартып, акыркы пайгамбар ...Daha fazlası
XIX кылымдын 60-жылдарынан баштап Кыргызстандын учурдагы аймактары Россия империясынын курамына каратылган. Ошондуктан Кыргызстандын ветеринария тармагынын XIX кылымдын акырындагы жана XX кылымдын башындагы абалы Россия империясынын ветеринария тармагынын өнүгүү тарыхы менен тыгыз байланыштуу. Бул макаланын максаты – Түркстандын Жети-Суу областынын Пишпек жана Пржевальский уездериндеги ветеринария тармагынын 1868 1917-жылдардагы абалын Россия империясынын ветеринариясынын калыптануусунун жана өнүгүүсүнүн биринчи этабына салыштырып иликтөө болуп саналат. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында төмөндөгүдөй ...Daha fazlası
Бул изилдөөнүн максаты - 6-класстар үчүн “Кыргыз тили” окуу китебинде орун алган тексттерди Шварцтын баалуулуктар топтому таблицасына жараша талдоо болуп саналат. Маалыматтарды топтоодо сапаттык изилдөө методунун маалымат топтоо ыкмаларынын бири болгон документ анализи колдонулган. Изилдөөнүн маалыматтарын талдоодо дескриптивдүү анализ ыкмасы колдонулган. Бул контекстте 6-класс “Кыргыз тили” окуу китебиндеги 28 текст талдоого алынган. Тексттердеги баалуулук түшүнүктөрүн камтыган сүйлөмдөр тиешелүү баалуулук категориясына киргизилип, ар бир маанинин жыштыктары тексттер боюнча өзүнчө эсептелген. ...Daha fazlası
Куран алгач адамдын аң-сезимине, андан соң адам тарабынан барак үстүнө жазылган Аллахтын сөзү. Куран катардагы адам баласы түшүнгөн, жөнөкөй тилде, мааниси түшүнүктүү, кишинин логикасына/акылына туура келген түзүмдө келген. Албетте ал эң алгач Аз. Мухаммад, сахабалар доорунда келгендеги жандуулугу менен кийинки мезгилдеги табияты бири-биринен таптакыр айырмаланып турат. Себеби Аз. Мухаммад менен сахабалардын доорунда Куран оозеки формада жана ошол коомдун аң-сезимине, дүйнө таанымына, маданиятына жана аларга таандык жашоо образына ылайык мүнөздөгү табиятты камтыган. Аз. Мухаммаддын доорунан уз ...Daha fazlası
Маалымат Байланыш Технологияларын (МБТ) жана ачык тармактык ресурстарды колдонуу менен билим берүүнүн өнүгүү темпи жана келечеги өзгөрүүдө. Мектептин веб системи билим берүү мекемесинин башкаруу, ички жана сырткы персонал жана окуучулар арасындагы байланышуу жолдорун жеңилдетет. Ошондуктан Кыргызстандын билим берүү мекемелери үчүн типтүү сайттын шаблонун иштеп чыгуу маселеси эң маанилүү. Макалада маалымат системи, билим берүүнүн маалыматташуусу жана XXI кылымдын окуучусунун талаптары жөнүндө аныктамалар келтирилген. Изилдөө методунун негизинде Кыргызстандагы жана чет өлкөдөгү 100дөн ашуун били ...Daha fazlası
Manas Üniversitesi 2010 yılı itibarı ile Teskey Ala-Too’nun (Isık Göl’ün güneyinde bulunan Tanrı Dağları) Ton Bölgesindeki Karahanlılara ait Kan-Döbö şehir kalıntılarını araştırmaya başlamıştır. Akeolojik eserler bakımından oldukça zengin olan Han Tepe kurulduğu ilk dönemlerden itibaren önemli kişilere ve hükümdarlara ev sahipliği yapmıştır. Şehir, Gök Türkler ve Karahanlılar döneminde de önemini korumuştur. Han Tepe şehri kalıntısında yürüttüğümüz araştırmaların temel amaçların birisi de, Ortaçağda yerleşik hayata geçerek kaleler inşa eden halkların kültürünü araştırmaktır. Bununla birlikte ş ...Daha fazlası
Тосор жазма эстелиги карахандар мезгилинде хакани тилинде жазылып, жазма эстеликтин ички мазмунунда эки аскер башчынын келишимдери чагылдырылган. Албетте жазма эстелик бир эле убакта орто кылымдагы түрк мамлекеттеринде калыптанган икта системасынын (жер ээлиги) таш бетиндеги өрнөгү болуп да саналат. -
Ачкыч сөздөр: Арабографикалык жазуулар, карахандар, икта, орто кылымдагы түрктөр, Тосор, эпиграфикалык маалыматтар.
Epigraphic monument from Tosor, which became the subject of the study, was written in Turkic language in the times of Karakhanids. By its contents the monument is a treaty between ...Daha fazlası
Макалада кыргыз этнониминин адегенде эскерилиш маселеси талданат. Айтылуу синолог илимпоздор кытай жазма булактарында Гэгунь формасында катталган терминдин транскрипциясын кыргыз этнонимии экендигин белгилешкен. Анткен менен, тарых илиминде кыргыздардын эскерилиш мезгили жана алардын жашаган аймагы туурасында окумуштуулардын ою бир пикирге келе элек. Изилдөө тема катары кыргыз этнониминин эскерилиш тарыхын, жалпы Борбордук Азиянын көчмөн талаасындагы этносаясий кырдаал кабыл алынган.
Ачкыч сөздөр: Борбордук Азия, кыргыз, гэгунь, хунну, юэчжи, дунху, көчмөн талаа, этноним, этнос, этникалык, Тоу ...Daha fazlası
Кыргыз Республикасында жылкылардын бакубаттуулугун баалоо протоколунун концепциясын иштеп чыгууда, жылкыларды үйүрдө багуунун климаттык жана технологиялык өзгөчө шарттарын эске алуу зарыл. Макаланын максаты – тоолуу жайыттардын шарттарында асыралган үйүрлүү жылкылардын бакубаттуулугун баалоо протоколунун концепциясын аныктоо болуп саналат. Изилдөөлөрдүн темасына ылайык илимий булактарды иликтөөлөр илимий китепканаларда жана интернет булактарында жүргүзүлдү. Жайыттардын шартында асыралган жылкылардын бакубаттуулук деңгээлин баалоо критерийлери же өлчөнүүчү көрсөткүчтөрү байкоонун түз жана кыйыр ...Daha fazlası
Кыргыз эли көптөгөн кылымдарды карыткан бай маданий мураска ээ этнос. Көптөгөн кылымдар бою алар көчмөн мүнөздүү турмуш-тиричилик кечирип жашап келишкен. Бүгүнкү күндөрдө дагы айыл жергелериндеги мал чарбасы менен алектенген калк жарым-жартылай көчмөн турмушта жашап келишет. Этноветеринардык медицинадагы билимдер, усулдар жана практикалар кыргыз элинин көчмөн цивилизациясынын татаал жана дээрлик изилденбеген бөлүгү болуп келет. Башка этникалык тайпалар сыяктуу эле, кыргыз эли дагы өсүмдүк, айбан жана минерал табияттуу өндүрүмдөрдү мал дарыгерликте кеңири пайдаланышып, ар кандай ритуалдарды даг ...Daha fazlası
Кулпунай Fragaria ananassa Duch. дүйнө жүзүндө кеңири аянттарда өстүрүлгөн, көп жылдык чөп өсүмдүгү. Ал субтропикалык жылуу, салкын климатта эң жакшы өсүп, анын жемиштери өзгөчө өңү, жыты жана даамы менен адамзат үчүн өтө баалуу азык болуп саналат. Кулпунай толук бышкан абалында таза түрүндө, андан сырткары таттууларды жана ичимдиктерди жасоодо колдонулат. Кулпунай өстүрүүчүлүк Кыргызстанда маанилүү жана артыкчылыктуу багыт болуп саналат. Кыргызстанда кулпунай негизинен талаа шарттарында өстүрүлөт, ошондуктан жай мезгилинде бышат жана сатыкка чыгат. Кулпунай башка өсүмдүктөр сыяктуу эле өстүрү ...Daha fazlası