- You can use the 'AND' / 'OR' / 'NOT' option for the things you want to add or remove. - You can return to normal search by pressing the Cancel button.
Мамлекет менен бийлик жана аны башкаруу аппараты политогенез процессин аныктоодо маанилүү роль ойнойт. Тарых илиминде Кыргыз мамлекетинин саясий бийлик системасы туурасында так түшүнүк жок. Айрым илим адамдары Кыргыз өлкөсүн мамлекет деп аташса, кээ бирөөлөрү аны каганат деп белгилешет. Макалада Кыргыз каганатынын бийлик системасы изилдөөгө алынып, анда орун алган башкаруу бийлик аппараты талданат. Каганаттык бийлик түзүлүшү Борбордук Азиядагы этностордун саясий системасы үчүн мүнөздүү башкаруу бийлиги эсептелген. Бул жагынан алганда кыргыздар да каганаттык бийликти өздөштүрүшкөн. Ошол эле уба ...More
Калктардын этникалык башшатын аныктоодо этнофольклордук материалдар арсынан айрыкча санжыралык маалыматтар маанилүү роль ойнойт. Санжыралык материалдарда байыркы кыргыздардын тарыхына байланыштуу маалыматтар арбын учурайт. Аларды кытай булактарында айтылган кабарлар менен салыштыруу ыкмасы б. з. III-V кк. өткөн тарыхый процессти калыбына келтирүүгө көмөк берет. Жазма булактарда эскерилген кыргыздардын динлиндер менен аралашып кеткендиги туурасындагы маалыматты талдоо жолу, динлин – теле – огуз этносунун тектик тарыхы бир болгондугун көрсөтөт. Жазма булактарында теле урууларынын катмарынан чыкк ...More
Kırgız Kağanlığı’nın toprakları siyasi gelişmeler çerçevesinde değişiyordu. Devletin ilk oluştuğu yıllarda ülkenin güney sınırları Sibirya’daki Minusinks bölgelerine ulaşırken, daha sonra sınırlar Merkezi Asya’yanın konargöçerlerine kadar uzanıyordu. Bu durum hem yazılı kaynaklar hem de Kırgızlara ait maddi eserlerin yayıldığı bölgeler vasıtası ile kanıtlanmaktadır. Kırgız Kağanlığı’nın siyasi topraklarının genişlemesi, aynı zamanda diğer halklar ile olan etnik ilişkilerde bulunmasına neden olmuştur. Kırgızların siyasi teesirinin artmasından dolayı Kırgızların diğer halklar ile olan ilişkileri ...More
Макалада кыргыз этнониминин адегенде эскерилиш маселеси талданат. Айтылуу синолог илимпоздор кытай жазма булактарында Гэгунь формасында катталган терминдин транскрипциясын кыргыз этнонимии экендигин белгилешкен. Анткен менен, тарых илиминде кыргыздардын эскерилиш мезгили жана алардын жашаган аймагы туурасында окумуштуулардын ою бир пикирге келе элек. Изилдөө тема катары кыргыз этнониминин эскерилиш тарыхын, жалпы Борбордук Азиянын көчмөн талаасындагы этносаясий кырдаал кабыл алынган.
Ачкыч сөздөр: Борбордук Азия, кыргыз, гэгунь, хунну, юэчжи, дунху, көчмөн талаа, этноним, этнос, этникалык, Тоу ...More
Осмонаалы Сыдыков өз мезгили үчүн жетиштүү билим алган жана ошол кездеги шартка ылайык коомдон алдыга озгон инсан болгон. Ал кыргыз калкынын тарыхын изилдеп, абалын аныктайм деп аракеттенип, талыкбай материал топтогон. Натыйжасында, эки чыгарма жазылып, алар алыскы Уфа шаарында 1913, 1914-жылдары басмаканадан өз алдынча эки китеп болуп жарыяланган. Автор чыгармаларга тарых китеби деген аталыш ыйгарып, алардын кыргыз тарыхы боюнча биринчи китеп катары каралышына негиз салган. Совет бийлигинин калыптануу учурунда белгисиз себептерге байланыштуу О. Сыдыков эл-жеринен качып, анын чыгармаларына тыю ...More
Кыргыздардын мамлекеттүүлүк маселеси кыргызтаануу илиминдеги айрыкча татаал да, олууттуу да проблемалардын катарына кирет. Алар качан мамлекет куруп, өз алдынча саясат жүргүзүп, эл аралык мамилелердин субъектисине айлангандыгы туурасында бир жактуу көз караш жок. Мында улам айрым окумуштуулар кыргыз мамлекетинин түптөлүш маселесин алардын Енисей аймагында курулган саясий биримдигин белгилешсе, кээ бир илим адамдары Улуу державалык убакка басым жасап келишет. Макалада кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн генезиси жана өнүгүү этаптары талданат.