- You can use the 'AND' / 'OR' / 'NOT' option for the things you want to add or remove. - You can return to normal search by pressing the Cancel button.
“Манас” эпосун изилдеген окумуштуулардын басымдуу бөлүгү бул эпос менен байыркы түрк (руникалык) жазма эстеликтеринин ортосундагы мазмундук, көркөмдүк окшоштуктарга көңүл бурушкан. Өзгөчө, “Манас” эпосунун генезисин изилдеген А. Н. Бернштам, Р. Кыдырбаева, А. Бакиров ж.б. окумуштуулар эпосто чагылдырылган жашоонун, тарыхый окуялардын, коомдук-этнографиялык кубулуштардын негизинде VII-X кылымдардагы байыркы түрк/кыргыз доору жатканын болжолдошкон. Чындыгында эле “Манас” эпосу менен байыркы түрк (руникалык) жазма эстеликтеринин, байыркы түрк доорунун ортосунда биртоп окшоштуктар бар. Алардын бир ...More
“Манас” эпосунда жана айрым чыгармаларда азыркы кыргыз тилинде активдүү колдонулбаган жана грамматикага арналган эмгектерде каралбаган /+дайын/ мүчөсү бар. Бул мүчө бир нерсенин кыймыл-аркетин, жүрүм-турумун экинчи бир нерсенин кыймыл-аракетине, жүрүм-турумуна салыштырып көрсөткөн, алардын окшош экендигин белгилеген сын-сыпат тактооч сөздөрдү жасайт. Мисалы, “Манас” эпосунда “Камандайын чалышып” сүйлөмүндө каман зат атоочуна жалганган /+дайын/ мүчөсү камандай болуп деген маани берген камандайын тактооч сөзүн жасаган.