- You can use the 'AND' / 'OR' / 'NOT' option for the things you want to add or remove. - You can return to normal search by pressing the Cancel button.
Бул изилдөөнүн максаты - 6-класстар үчүн “Кыргыз тили” окуу китебинде орун алган тексттерди Шварцтын баалуулуктар топтому таблицасына жараша талдоо болуп саналат. Маалыматтарды топтоодо сапаттык изилдөө методунун маалымат топтоо ыкмаларынын бири болгон документ анализи колдонулган. Изилдөөнүн маалыматтарын талдоодо дескриптивдүү анализ ыкмасы колдонулган. Бул контекстте 6-класс “Кыргыз тили” окуу китебиндеги 28 текст талдоого алынган. Тексттердеги баалуулук түшүнүктөрүн камтыган сүйлөмдөр тиешелүү баалуулук категориясына киргизилип, ар бир маанинин жыштыктары тексттер боюнча өзүнчө эсептелген. ...More