- You can use the 'AND' / 'OR' / 'NOT' option for the things you want to add or remove. - You can return to normal search by pressing the Cancel button.
Бул изилдөөнүн максаты – окуучулардын математикага болгон камтама деңгээлдерин өлчөөгө жарамдуу, б.а. валиддүү жана ишенимдүү өлчөө инструментин даярдоо. Изилдөөнүн иш тобун Бишкек шаарынын №49-орто мектебинин 216 окуучусу түзгөн. Өлчөө каражатынын валдидүүлүгүн сыноо боюнча мазмундук жана конструкттук валидддүлүк операциялары аткарылган. Ишенимдүүлүктү аныктоо боюнча Кронбах α коэффициенти эсептелип, анын мааниси 0.76 болуп чыккан. Факторлорду айырмалоочу дискриминанттык анализдин натыйжасында бардык субшкалалар боюнча алынган көрсөткүчтөр статистикалык жактан мааниге ээ экендиги аныкталган. ...More