- You can use the 'AND' / 'OR' / 'NOT' option for the things you want to add or remove. - You can return to normal search by pressing the Cancel button.
Ар бир үй-бүлөдө атанын орду абдан чоң мааниге ээ. Анткени, ата-эне менен чогуу, ынтымактуу үй-бүлөдө жашаган бала – бактылуу балалык мезгилин жашай алат. Атанын мээримин, тарбиясын, таалимин, камкордугун көрүп чоңойгон бала – коомдо өз ордун тез таап кете алат. Мындай бала – ырыстуу бала. Андай баланы «жакшы атанын уулу экен», же «атанын таалимин көрүп өскөн бала» деп, эл оозунда мактоого арзыйт. Биз бул макалада ата жана уулдун ортосундагы мамиле кандай болуусу керектигин ыйык китебибиз Курандын негизинде талкуу кылабыз. Пайгамбарлардан Адам ата жана анын эки уулунан тартып, акыркы пайгамбар ...More
Бул изилдөөнүн максаты - 6-класстар үчүн “Кыргыз тили” окуу китебинде орун алган тексттерди Шварцтын баалуулуктар топтому таблицасына жараша талдоо болуп саналат. Маалыматтарды топтоодо сапаттык изилдөө методунун маалымат топтоо ыкмаларынын бири болгон документ анализи колдонулган. Изилдөөнүн маалыматтарын талдоодо дескриптивдүү анализ ыкмасы колдонулган. Бул контекстте 6-класс “Кыргыз тили” окуу китебиндеги 28 текст талдоого алынган. Тексттердеги баалуулук түшүнүктөрүн камтыган сүйлөмдөр тиешелүү баалуулук категориясына киргизилип, ар бир маанинин жыштыктары тексттер боюнча өзүнчө эсептелген. ...More
Бул эмгек Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөдө окууга кызыгуусунун себептерин, өлкө тандоонун приоритеттерин аныктоого жана анализдөөгө багытталган. Изилдөө интернет аркылуу сурамжылоо жана индивидуалдык интервью жүргүзүү жолу менен алынган маалыматка негизделген. Анализ жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын жаш жарандарынын 94,4% чет мамлекеттерде билим алууга кызыккандыгын көрсөттү. -
Ачкыч сөздөр: студенттик миграция, билим берүү, билим берүү системасы, чет өлкөдө билим алуу, Кыргыз Республикасы.