- You can use the 'AND' / 'OR' / 'NOT' option for the things you want to add or remove. - You can return to normal search by pressing the Cancel button.
“Манас” эпосунда жана айрым чыгармаларда азыркы кыргыз тилинде активдүү колдонулбаган жана грамматикага арналган эмгектерде каралбаган /+дайын/ мүчөсү бар. Бул мүчө бир нерсенин кыймыл-аркетин, жүрүм-турумун экинчи бир нерсенин кыймыл-аракетине, жүрүм-турумуна салыштырып көрсөткөн, алардын окшош экендигин белгилеген сын-сыпат тактооч сөздөрдү жасайт. Мисалы, “Манас” эпосунда “Камандайын чалышып” сүйлөмүндө каман зат атоочуна жалганган /+дайын/ мүчөсү камандай болуп деген маани берген камандайын тактооч сөзүн жасаган.