- You can use the 'AND' / 'OR' / 'NOT' option for the things you want to add or remove. - You can return to normal search by pressing the Cancel button.
Кыргыздардын мамлекеттүүлүк маселеси кыргызтаануу илиминдеги айрыкча татаал да, олууттуу да проблемалардын катарына кирет. Алар качан мамлекет куруп, өз алдынча саясат жүргүзүп, эл аралык мамилелердин субъектисине айлангандыгы туурасында бир жактуу көз караш жок. Мында улам айрым окумуштуулар кыргыз мамлекетинин түптөлүш маселесин алардын Енисей аймагында курулган саясий биримдигин белгилешсе, кээ бир илим адамдары Улуу державалык убакка басым жасап келишет. Макалада кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн генезиси жана өнүгүү этаптары талданат.