- Вы можете использовать опцию И / ИЛИ / НЕ для критериев, которые вы хотите добавить или. - Вы можете вернуться к обычному поиску, нажав кнопку Отмена.
Калктардын этникалык башшатын аныктоодо этнофольклордук материалдар арсынан айрыкча санжыралык маалыматтар маанилүү роль ойнойт. Санжыралык материалдарда байыркы кыргыздардын тарыхына байланыштуу маалыматтар арбын учурайт. Аларды кытай булактарында айтылган кабарлар менен салыштыруу ыкмасы б. з. III-V кк. өткөн тарыхый процессти калыбына келтирүүгө көмөк берет. Жазма булактарда эскерилген кыргыздардын динлиндер менен аралашып кеткендиги туурасындагы маалыматты талдоо жолу, динлин – теле – огуз этносунун тектик тарыхы бир болгондугун көрсөтөт. Жазма булактарында теле урууларынын катмарынан чыкк ...Более
Кыргыздардын мамлекеттүүлүк маселеси кыргызтаануу илиминдеги айрыкча татаал да, олууттуу да проблемалардын катарына кирет. Алар качан мамлекет куруп, өз алдынча саясат жүргүзүп, эл аралык мамилелердин субъектисине айлангандыгы туурасында бир жактуу көз караш жок. Мында улам айрым окумуштуулар кыргыз мамлекетинин түптөлүш маселесин алардын Енисей аймагында курулган саясий биримдигин белгилешсе, кээ бир илим адамдары Улуу державалык убакка басым жасап келишет. Макалада кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн генезиси жана өнүгүү этаптары талданат.