- Вы можете использовать опцию И / ИЛИ / НЕ для критериев, которые вы хотите добавить или. - Вы можете вернуться к обычному поиску, нажав кнопку Отмена.
Изилдөөнүн максаты бир өӊчөй ак сорттогу: лопатка, китаянка, сахарный төө буурчак сортторунун дандын формасы, дандын өлчөмдөрү, 1000 даана дандын массасы, үймө тыгыздыгы, төгүлүү бурчу сыяктуу кээ бир физикалык касиеттерин жана аминкислоталык курамын изилдөө. Төө буурчактардын физикалык касиеттерин изилдөө буурчактарды өстүрүүдө, транспортоодо, тазалоодо, сорттоодо жана кутулоодо маанилүү роль ойнойт. Изилденген буурчак сортторунун дан катуулугу 0,43 мм, 0,08 мм, 0,05 мм жана үймө тыгыздыгы 685,11 кг/м3, 719,60 кг/м3, 666,84 кг/м3 болуп табылды. Изилдөөнүн экинчи баскычында төө буурчактардын а ...Более
Көптөгөн ачык ачкычтуу криптосистемалардын негизи катары колдонулган натуралдык санды факторизациялоо проблемасы заманбап компьютерлер үчүн да оор маселе болуп саналат. Биз бул иште С программалоо тилинде GMP китепканасын колдонуп, 4 алгоритмди иштеп чыктык жана бул алгоритмдердин иштөө убакыттарын салыштырдык. Алгоритмдер ар кандай өлчөмдөгү сандарды, ошондой эле факторлорунун ортосунда ар кандай аралык болгон сандарды факторизациялоо үчүн колдонулду.Биздин жыйынтыктар 296 биттик санды факторлорго ажыратууда Поллард rho алгоритминин эң бат иштешин, ошол эле учурда, факторлордун ортосундагы ар ...Более
Маалымат Байланыш Технологияларын (МБТ) жана ачык тармактык ресурстарды колдонуу менен билим берүүнүн өнүгүү темпи жана келечеги өзгөрүүдө. Мектептин веб системи билим берүү мекемесинин башкаруу, ички жана сырткы персонал жана окуучулар арасындагы байланышуу жолдорун жеңилдетет. Ошондуктан Кыргызстандын билим берүү мекемелери үчүн типтүү сайттын шаблонун иштеп чыгуу маселеси эң маанилүү. Макалада маалымат системи, билим берүүнүн маалыматташуусу жана XXI кылымдын окуучусунун талаптары жөнүндө аныктамалар келтирилген. Изилдөө методунун негизинде Кыргызстандагы жана чет өлкөдөгү 100дөн ашуун били ...Более
Ферменттелген тамак-аш азыктары – чийки заттын тамак-аш баалуулугун жана органолептикалык касиеттерин бир кыйла жогорулатып, азыктын сактоо мөөнөтүн узарткандыктан дүйнө жүзү боюнча чоң мааниге ээ. Бозо жана бозо сыяктуу ичимдиктер Орто Азияда, Түркия, Орусия, Чыгыш Европа, Африка өлкөлөрүндө, Жакынкы Чыгышта жана Түндүк Иранда жасалат. Бул ичимдиктердин азыктык жана биологиялык баалуулугу жогору болгондуктан адамдын күнүмдүк рационундагы мааниси абдан чоң. Суусундуктар углеводдор, витаминдер, минералдык заттар, органикалык кислоталар жана башка биологиялык активдүү компоненттердин булагы болу ...Более