- Вы можете использовать опцию И / ИЛИ / НЕ для критериев, которые вы хотите добавить или. - Вы можете вернуться к обычному поиску, нажав кнопку Отмена.
Адамзат тарыхында ойчулдар көңүл бурган эң маанилүү маселелердин бири бактылуулук маселеси экендиги талашсыз. Байыркы доорлордон бүгүнкү күнгө чейин бактылуулук темасы ар түрдүү көз караштардын алкагында изилденип жана талкууланып келет. Бактылуулуктун эмне болгондугу, бакыт деген нерсенин чындап бар болуп болбогондугу, эгер бар болсо ага кантип жетүүгө боло тургандыгы, адамдардын эмне үчүн бакытты каалагандыгы ж.б.у.с. суроолор тынымсыз талкууланып, жооп табууга аракет кылынган. Жалпысынан бактылуулук ахлак философиянын алкагында талкууланган, бирок ошол эле учурда психология, саясат, укук сы ...Более
Акыркы жылдарда Кыргызстандагы Ислам жөнүндөгү түшүнүктөр чет өлкөлөрдөн келген диний агымдардын таасири менен өзгөрүүгө учуроодо. Коомдун көпчүлүк бөлүгү диний сабатсыздыгынан улам ар кандай диний агымдарга кирип кетишүүдө. Өлкөнүн эгемендүүлүгүнөн кийин баштапкы этаптарда Кыргызстандагы исламдашуу процесси табигый феномен катары кабыл алынганы менен учурда өлкөнүн бүтүндүгүнө, коопсуздугуна коркунуч туудуруучу радикалдык, экстремисттик, террордук иш-аракеттердин активдешүүсү байкалууда. Өзгөчө аялдардын да радикалдык, экстремисттик топторго кирип кетүүлөрү, атүгүл Сириядагы согушка барып кош ...Более
Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы кыргыз маданиятынын гана эмес, дүйнөлүк маданиятынын алтын казынасына кирген көркөм бийиктик болуп эсептелинет. Ошондон улам жазуучунун мурасын философиялык жактан талдоо максаты коюлду. ―Айтматовдун ааламы‖ аттуу түшүнүктүн негизги маанилери изилденип, байыркы грек ―микрокосмос‖ менен ―макрокосмос‖ түшүнүктөрү аркылуу каралып чыкты. Айтматовдун ааламынын үч негизги мааниси белгиленип келет: Айтматовдун инсан катарында бул дүйнөнү, жалпы ааламды кабыл алуусу өзгөчө керемет болгондуктан, жазуучунун ааламы менен дүйнөлүк ааламдын өз ара байланышы каралып чыгат; и ...Более