- Вы можете использовать опцию И / ИЛИ / НЕ для критериев, которые вы хотите добавить или. - Вы можете вернуться к обычному поиску, нажав кнопку Отмена.
Улуу ислам аалымдарынан болгон абу Мансур аль –Матуриди тавхид акыйдасын алдыга чыгаруу максатында чоң кадам жасап, ага зыян келтирген ички жана тышкы терс таасирлерден жок кылганга аракет жасаган. Бул маселеде ал, Ислам дининин тавхид акыйдасын акылга жана логикага эң ылайык экендигин айтып, кез –кези менен башка диндердин кудай түшүнүгүнсынга алып келген. Ал өзүнүн «Китабу Тавхид» атту эмгегинде Христиан дининин Аз. Исага байланыштуу айткан кудай жөнүндөгү ишенимин акыл жана логиканын усулу менен сынга алган. Ал бул маселени эмгегинин «Пайгамбарлык» бөлүмүндө баяндаган. Матуриди бул бөлүмдө ...Более
Кыргызстан 1991-жылы эгемендүүлүгүн жарыялаган соң, саясий жана экономикалык мааниде эркиндикке ээ болуу менен бирге, жарандарынын дагы чет өлкөгө эркин кетүү кыймылы башталган. Айрым илимий изилдөө мекемелер жана адистер тарабынан эсептелип чыккан жумушчу мигранттардын учурдагы саны 500 миң адамдан - 600 миң адамга чейин, же экономикалык активдүү калктын 10 пайызынан ашыгы чет өлкөлөрдө иштеп жүргөндүгү тууралуу маалымат берилүүдө. Ал эми 2014-жылы Кыргызстан акчалай которуулардын ИДПсуна болгон үлүшү боюнча дүйнөдө эң алдыңкы он мамлекеттердин катарында экинчи орунду 30.3 % үлүш менен ээлеге ...Более
Роман - кыскача айтканда, болуп ѳткѳн же боло турган окуяларды бир бүтүн нерсе катары кара сѳз түрүндѳ баяндаган адабий жанр. Taрых - бүгүнкү күн менен ѳткѳндү байланыштырып турган кѳпүрѳ болуп эсептелет. Кыргыз адабиятында тарыхый роман түрү бардык тоскоолдуктарга карабай, 1960-ж. күч ала баштаган. 1991-ж. кийин, башкача айтканда Кыргызстан эгемендүүлүгүн колго алгандан кийин башка тармактардагыдай, тарыхый роман түрүндө да жазуучулар эгемендүүлүккө ээ болгон жана айрыкча тарыхый-биографиялык романдар жазыла баштаган. “Манас” дастаны менен дүйнѳнү дүңгүрѳткѳн кыргыздардын оозеки адабияты абда ...Более
Мамлекеттин күчтүү болушу үчүн өлкөнүн экономикасы өнүккөн болушу керек, ал эми ошол экономикалык өнүгүүгө мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө мамлекеттин жүргүзгөн салык саясатынын орду өтө чоң десек жаңылышпайбыз. Ар бир өлкөнүн салык саясатынын максаты жана мааниси абдан чоң, себеби өлкөдөгү туура эмес салык саясаты жалгыз экономиканын катышуучуларына гана терс таасирин тийгизбестен, мамлекеттик чыгашаларга, инвестицияларга жана жалпы эле мамлекеттин эффективдүү иш-аракетине залакасын тийгизип коюшу ыктымал. Ошондуктан ар бир өлкөнүн жүргүзгөн салык саясаты дайыма экономиканын абалына жараша жаңыланып ...Более
Ферменттелген тамак-аш азыктары – чийки заттын тамак-аш баалуулугун жана органолептикалык касиеттерин бир кыйла жогорулатып, азыктын сактоо мөөнөтүн узарткандыктан дүйнө жүзү боюнча чоң мааниге ээ. Бозо жана бозо сыяктуу ичимдиктер Орто Азияда, Түркия, Орусия, Чыгыш Европа, Африка өлкөлөрүндө, Жакынкы Чыгышта жана Түндүк Иранда жасалат. Бул ичимдиктердин азыктык жана биологиялык баалуулугу жогору болгондуктан адамдын күнүмдүк рационундагы мааниси абдан чоң. Суусундуктар углеводдор, витаминдер, минералдык заттар, органикалык кислоталар жана башка биологиялык активдүү компоненттердин булагы болу ...Более
Оозеки-эпикалык жана жазма булактарда орун алган тотемдик белгилерди изилдөө жана ага анализ жасоо көчмөн элдердин анын ичинде кыргыз элинин руханий дөөлөтүн тамырдан баштап аӊдап билүүгө жардам берет. Алгачкы коомчулуктун дүйнө таануу формасын билдирген тотемизм бара-бара өзгөрүү баскычтарынан өтүп калктын бүтүндөй этнографиялык баалуулуктарында сакталып калган. Арийне бул табигый көрүнүш, ошондой болгон күндө да маданияттын ары кызыктуу жана ары көркөм жаралуусуна өз өбөлгөсүн кошкондой. Биз маани бербеген жана аз көрүнгөн тотемдик белгилеринин, айрыкча жаныбарлардын руханий маданиятта алган ...Более
Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү менен келечекте салыктык гармонизациялоо менен байланыштуу рисктер актуалдуу маселеге айланууда. Бул рисктердин социалдык-экономикалык абалга таасирлерин жөнгө салуу перспективасында эффективдүү инструменттердин бири катары КНСты колдонууга мүмкүн. Мурдагы жылдарда салыктык жөнгө салууда КНС боюнча жеңилдиктердин өзгөчөлүктөрү эске алынбагандыгы терс натыйжа берип келген. Андыктан, бул иште КНСтын башка салыктарга карата салыштырмалуу артыкчылыктарын жана кемчиликтерин аныктоо аркылуу келечектеги реформаларды ишке ашырууда рисктер жана мүмкүнчүлүктөрүн ...Более
Кыргыз адабиятында көркөм психологизм маселелеси тереңдетилип изилденбеген темалардын бири. Бул маселе кыргыз фольклорундагы жана кыргыз адабиятындагы чыгармаларда кеңири кездешет. Макалада фольклордук чыгармаларда жана кыргыз адабиятында жарык көргөн көркөм чыгармаларда көркөм психологизм маселесинин чагылдырылышы, көркөм психологизмдин иштелиши тууралуу маалыматтар берилет. Фольклордук чыгармаларга жана көркөм чыгармаларга анализ жүргүзүлөт, мисалдар менен бышыкталат. Жалпы жонунан, кыргыз адабиятындагы чыгармаларда көркөм психологизм проблемасы каралат. Негизинен Ч. Айтматовдун чыгармаларын ...Более