- Вы можете использовать опцию И / ИЛИ / НЕ для критериев, которые вы хотите добавить или. - Вы можете вернуться к обычному поиску, нажав кнопку Отмена.
Изилдөөнүн максаты бир өӊчөй ак сорттогу: лопатка, китаянка, сахарный төө буурчак сортторунун дандын формасы, дандын өлчөмдөрү, 1000 даана дандын массасы, үймө тыгыздыгы, төгүлүү бурчу сыяктуу кээ бир физикалык касиеттерин жана аминкислоталык курамын изилдөө. Төө буурчактардын физикалык касиеттерин изилдөө буурчактарды өстүрүүдө, транспортоодо, тазалоодо, сорттоодо жана кутулоодо маанилүү роль ойнойт. Изилденген буурчак сортторунун дан катуулугу 0,43 мм, 0,08 мм, 0,05 мм жана үймө тыгыздыгы 685,11 кг/м3, 719,60 кг/м3, 666,84 кг/м3 болуп табылды. Изилдөөнүн экинчи баскычында төө буурчактардын а ...Более
Бул эмгек Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөдө окууга кызыгуусунун себептерин, өлкө тандоонун приоритеттерин аныктоого жана анализдөөгө багытталган. Изилдөө интернет аркылуу сурамжылоо жана индивидуалдык интервью жүргүзүү жолу менен алынган маалыматка негизделген. Анализ жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын жаш жарандарынын 94,4% чет мамлекеттерде билим алууга кызыккандыгын көрсөттү. -
Ачкыч сөздөр: студенттик миграция, билим берүү, билим берүү системасы, чет өлкөдө билим алуу, Кыргыз Республикасы.
Дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпикалык чыгармалардын бири “Манас” экени талашсыз. “Манас” дастаны кыргыз элинин жалпы маданиятын, тарыхын, үрп-адатын, этнографиясын жб. чагылдырган чыгарма болуусу менен коомубузда кыргыз элинин энциклопедиясы деп да аталганы маалым. “Манас” бул жагынан алганда этно-маданий, тарыхый маалыматтарды берүү менен катар тилдик каражаттарынын да зор казынасы болуп эсептелет. Бул макалада “Манас” дастанынын Жүсүп Мамай вариантында кездешкен айрым тилдик фактылар иликтөөгө алынат. Тактап айтканда, бул вариантта кездешкен чакчылдын –галы формасы азыркы адабий кыргыз тилиндеги –г ...Более
Мамлекет менен бийлик жана аны башкаруу аппараты политогенез процессин аныктоодо маанилүү роль ойнойт. Тарых илиминде Кыргыз мамлекетинин саясий бийлик системасы туурасында так түшүнүк жок. Айрым илим адамдары Кыргыз өлкөсүн мамлекет деп аташса, кээ бирөөлөрү аны каганат деп белгилешет. Макалада Кыргыз каганатынын бийлик системасы изилдөөгө алынып, анда орун алган башкаруу бийлик аппараты талданат. Каганаттык бийлик түзүлүшү Борбордук Азиядагы этностордун саясий системасы үчүн мүнөздүү башкаруу бийлиги эсептелген. Бул жагынан алганда кыргыздар да каганаттык бийликти өздөштүрүшкөн. Ошол эле уба ...Более
Бул макалада С. Эралиевдин «Ак Мѳѳр» лирикалык поэмасынын англис тилиндеги аспиранттын котормосунун негизинде англис жана кыргыз тилдериндеги семантикалык дал келүүчүлүктѳр жана прагматикалык адаптация жүргүзүү маселелери каралат.-
Ачкыч сөздөр: толук дал келүүчүлүк, толук эмес дал келүүчүлүк, дал келүүчүлүктүн жоктугу, лексикалык прагматикалык адаптация
Бир катар түрк тилдеринде омонимдер орус тилинде калыптанган усулдар боюнча изилденген. Түрк тилинде болсо көбүнчө Эвропалык ыкмалар негизинде карашкан. Натыйжада, омонимдердин этимологиясы, лексика-семантикалык бөтөнчөлүктөрү сыяктуу маселелерде орус тили менен түрк тилдеринин ортосунда жалпылыктардын арбын экендиги далилденген.-
Негизги сөздөр: Түрк тилдери,омоним, түркология, орус тили