Бул эмгек Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөдө окууга кызыгуусунун себептерин, өлкө тандоонун приоритеттерин аныктоого жана анализдөөгө багытталган. Изилдөө интернет аркылуу сурамжылоо жана индивидуалдык интервью жүргүзүү жолу менен алынган маалыматка негизделген. Анализ жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын жаш жарандарынын 94,4% чет мамлекеттерде билим алууга кызыккандыгын көрсөттү. -
Ачкыч сөздөр: студенттик миграция, билим берүү, билим берүү системасы, чет өлкөдө билим алуу, Кыргыз Республикасы.