Биздин бул макалабыз кыргыз тилиндеги көп кетирилген каталар тууралуу болмокчу. Бул макаланы жазуудагы максатыбыз – жалпы элдик тилдин бириккен формасы болгон кыргыз адабий тилинин системага келтирилген бирдиктүү нормасын сактоо, кыргыз адабий тилинин орфографиялык, орфоэпиялык, стилистикалык, пунктуациялык эрежелерин сактоо жана нормага салынган адабий тилдин эрежелеринин одоно бузулууларына жол бербөө. Кыргыз тилиндеги көп кетирилген каталарды белгилеп көрсөтүү аркылуу ал каталардын кетирилбөөсү жана буларга өзгөчө көңүл бөлүнүүсү керектигин эскертүү, кыргыз адабий тилиндеги бирдиктүү нормал ...Daha fazlası
Кыргыз адабиятында көркөм психологизм маселелеси тереңдетилип изилденбеген темалардын бири. Бул маселе кыргыз фольклорундагы жана кыргыз адабиятындагы чыгармаларда кеңири кездешет. Макалада фольклордук чыгармаларда жана кыргыз адабиятында жарык көргөн көркөм чыгармаларда көркөм психологизм маселесинин чагылдырылышы, көркөм психологизмдин иштелиши тууралуу маалыматтар берилет. Фольклордук чыгармаларга жана көркөм чыгармаларга анализ жүргүзүлөт, мисалдар менен бышыкталат. Жалпы жонунан, кыргыз адабиятындагы чыгармаларда көркөм психологизм проблемасы каралат. Негизинен Ч. Айтматовдун чыгармаларын ...Daha fazlası