Мендик – адамдын өзү жөнүндөгү жана өзү түзгөн менталдык сүрөт болуп эсептелет. Адамдын ээ болгон мендиги менен жетүүнү эңсеген идеалдуу мендиктин ортосунагы айырмачылык – мендик баа, б.а. өзүн өзү жактыруу же жактырбоо, өзүнүн мендигин канааттандыруу даражасы катары аныкталат. Мендик баа адамдын өзүнө берген баасын камтып, анын өзү жөнүндөгү объективдүү маалыматтардын субъективдүү маалымат катары баалануусун билдирет. Мендик баа адамдын жашоосунда өзгөчө ролго ээ болгондуктан, психологияда эң көп изилденген концепттердин бири болуп эсептелет. Ошого карабастан, учурда бул жаатта Кыргызстанда м ...Daha fazlası