Бул изилдөөнүн максаты - 6-класстар үчүн “Кыргыз тили” окуу китебинде орун алган тексттерди Шварцтын баалуулуктар топтому таблицасына жараша талдоо болуп саналат. Маалыматтарды топтоодо сапаттык изилдөө методунун маалымат топтоо ыкмаларынын бири болгон документ анализи колдонулган. Изилдөөнүн маалыматтарын талдоодо дескриптивдүү анализ ыкмасы колдонулган. Бул контекстте 6-класс “Кыргыз тили” окуу китебиндеги 28 текст талдоого алынган. Тексттердеги баалуулук түшүнүктөрүн камтыган сүйлөмдөр тиешелүү баалуулук категориясына киргизилип, ар бир маанинин жыштыктары тексттер боюнча өзүнчө эсептелген. ...Daha fazlası
Оозеки-эпикалык жана жазма булактарда орун алган тотемдик белгилерди изилдөө жана ага анализ жасоо көчмөн элдердин анын ичинде кыргыз элинин руханий дөөлөтүн тамырдан баштап аӊдап билүүгө жардам берет. Алгачкы коомчулуктун дүйнө таануу формасын билдирген тотемизм бара-бара өзгөрүү баскычтарынан өтүп калктын бүтүндөй этнографиялык баалуулуктарында сакталып калган. Арийне бул табигый көрүнүш, ошондой болгон күндө да маданияттын ары кызыктуу жана ары көркөм жаралуусуна өз өбөлгөсүн кошкондой. Биз маани бербеген жана аз көрүнгөн тотемдик белгилеринин, айрыкча жаныбарлардын руханий маданиятта алган ...Daha fazlası