Адамзат тарыхында ойчулдар көңүл бурган эң маанилүү маселелердин бири бактылуулук маселеси экендиги талашсыз. Байыркы доорлордон бүгүнкү күнгө чейин бактылуулук темасы ар түрдүү көз караштардын алкагында изилденип жана талкууланып келет. Бактылуулуктун эмне болгондугу, бакыт деген нерсенин чындап бар болуп болбогондугу, эгер бар болсо ага кантип жетүүгө боло тургандыгы, адамдардын эмне үчүн бакытты каалагандыгы ж.б.у.с. суроолор тынымсыз талкууланып, жооп табууга аракет кылынган. Жалпысынан бактылуулук ахлак философиянын алкагында талкууланган, бирок ошол эле учурда психология, саясат, укук сы ...Daha fazlası
Ар бир үй-бүлөдө атанын орду абдан чоң мааниге ээ. Анткени, ата-эне менен чогуу, ынтымактуу үй-бүлөдө жашаган бала – бактылуу балалык мезгилин жашай алат. Атанын мээримин, тарбиясын, таалимин, камкордугун көрүп чоңойгон бала – коомдо өз ордун тез таап кете алат. Мындай бала – ырыстуу бала. Андай баланы «жакшы атанын уулу экен», же «атанын таалимин көрүп өскөн бала» деп, эл оозунда мактоого арзыйт. Биз бул макалада ата жана уулдун ортосундагы мамиле кандай болуусу керектигин ыйык китебибиз Курандын негизинде талкуу кылабыз. Пайгамбарлардан Адам ата жана анын эки уулунан тартып, акыркы пайгамбар ...Daha fazlası
XIX кылымдын 60-жылдарынан баштап Кыргызстандын учурдагы аймактары Россия империясынын курамына каратылган. Ошондуктан Кыргызстандын ветеринария тармагынын XIX кылымдын акырындагы жана XX кылымдын башындагы абалы Россия империясынын ветеринария тармагынын өнүгүү тарыхы менен тыгыз байланыштуу. Бул макаланын максаты – Түркстандын Жети-Суу областынын Пишпек жана Пржевальский уездериндеги ветеринария тармагынын 1868 1917-жылдардагы абалын Россия империясынын ветеринариясынын калыптануусунун жана өнүгүүсүнүн биринчи этабына салыштырып иликтөө болуп саналат. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында төмөндөгүдөй ...Daha fazlası
Бул изилдөөнүн максаты - 6-класстар үчүн “Кыргыз тили” окуу китебинде орун алган тексттерди Шварцтын баалуулуктар топтому таблицасына жараша талдоо болуп саналат. Маалыматтарды топтоодо сапаттык изилдөө методунун маалымат топтоо ыкмаларынын бири болгон документ анализи колдонулган. Изилдөөнүн маалыматтарын талдоодо дескриптивдүү анализ ыкмасы колдонулган. Бул контекстте 6-класс “Кыргыз тили” окуу китебиндеги 28 текст талдоого алынган. Тексттердеги баалуулук түшүнүктөрүн камтыган сүйлөмдөр тиешелүү баалуулук категориясына киргизилип, ар бир маанинин жыштыктары тексттер боюнча өзүнчө эсептелген. ...Daha fazlası
Куран алгач адамдын аң-сезимине, андан соң адам тарабынан барак үстүнө жазылган Аллахтын сөзү. Куран катардагы адам баласы түшүнгөн, жөнөкөй тилде, мааниси түшүнүктүү, кишинин логикасына/акылына туура келген түзүмдө келген. Албетте ал эң алгач Аз. Мухаммад, сахабалар доорунда келгендеги жандуулугу менен кийинки мезгилдеги табияты бири-биринен таптакыр айырмаланып турат. Себеби Аз. Мухаммад менен сахабалардын доорунда Куран оозеки формада жана ошол коомдун аң-сезимине, дүйнө таанымына, маданиятына жана аларга таандык жашоо образына ылайык мүнөздөгү табиятты камтыган. Аз. Мухаммаддын доорунан уз ...Daha fazlası
Улуу ислам аалымдарынан болгон абу Мансур аль –Матуриди тавхид акыйдасын алдыга чыгаруу максатында чоң кадам жасап, ага зыян келтирген ички жана тышкы терс таасирлерден жок кылганга аракет жасаган. Бул маселеде ал, Ислам дининин тавхид акыйдасын акылга жана логикага эң ылайык экендигин айтып, кез –кези менен башка диндердин кудай түшүнүгүнсынга алып келген. Ал өзүнүн «Китабу Тавхид» атту эмгегинде Христиан дининин Аз. Исага байланыштуу айткан кудай жөнүндөгү ишенимин акыл жана логиканын усулу менен сынга алган. Ал бул маселени эмгегинин «Пайгамбарлык» бөлүмүндө баяндаган. Матуриди бул бөлүмдө ...Daha fazlası
Кыргызстан 1991-жылы эгемендүүлүгүн жарыялаган соң, саясий жана экономикалык мааниде эркиндикке ээ болуу менен бирге, жарандарынын дагы чет өлкөгө эркин кетүү кыймылы башталган. Айрым илимий изилдөө мекемелер жана адистер тарабынан эсептелип чыккан жумушчу мигранттардын учурдагы саны 500 миң адамдан - 600 миң адамга чейин, же экономикалык активдүү калктын 10 пайызынан ашыгы чет өлкөлөрдө иштеп жүргөндүгү тууралуу маалымат берилүүдө. Ал эми 2014-жылы Кыргызстан акчалай которуулардын ИДПсуна болгон үлүшү боюнча дүйнөдө эң алдыңкы он мамлекеттердин катарында экинчи орунду 30.3 % үлүш менен ээлеге ...Daha fazlası
Изилдөөнүн максаты бир өӊчөй ак сорттогу: лопатка, китаянка, сахарный төө буурчак сортторунун дандын формасы, дандын өлчөмдөрү, 1000 даана дандын массасы, үймө тыгыздыгы, төгүлүү бурчу сыяктуу кээ бир физикалык касиеттерин жана аминкислоталык курамын изилдөө. Төө буурчактардын физикалык касиеттерин изилдөө буурчактарды өстүрүүдө, транспортоодо, тазалоодо, сорттоодо жана кутулоодо маанилүү роль ойнойт. Изилденген буурчак сортторунун дан катуулугу 0,43 мм, 0,08 мм, 0,05 мм жана үймө тыгыздыгы 685,11 кг/м3, 719,60 кг/м3, 666,84 кг/м3 болуп табылды. Изилдөөнүн экинчи баскычында төө буурчактардын а ...Daha fazlası
Бул эмгек Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөдө окууга кызыгуусунун себептерин, өлкө тандоонун приоритеттерин аныктоого жана анализдөөгө багытталган. Изилдөө интернет аркылуу сурамжылоо жана индивидуалдык интервью жүргүзүү жолу менен алынган маалыматка негизделген. Анализ жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын жаш жарандарынын 94,4% чет мамлекеттерде билим алууга кызыккандыгын көрсөттү. -
Ачкыч сөздөр: студенттик миграция, билим берүү, билим берүү системасы, чет өлкөдө билим алуу, Кыргыз Республикасы.
Дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпикалык чыгармалардын бири “Манас” экени талашсыз. “Манас” дастаны кыргыз элинин жалпы маданиятын, тарыхын, үрп-адатын, этнографиясын жб. чагылдырган чыгарма болуусу менен коомубузда кыргыз элинин энциклопедиясы деп да аталганы маалым. “Манас” бул жагынан алганда этно-маданий, тарыхый маалыматтарды берүү менен катар тилдик каражаттарынын да зор казынасы болуп эсептелет. Бул макалада “Манас” дастанынын Жүсүп Мамай вариантында кездешкен айрым тилдик фактылар иликтөөгө алынат. Тактап айтканда, бул вариантта кездешкен чакчылдын –галы формасы азыркы адабий кыргыз тилиндеги –г ...Daha fazlası
Мамлекет менен бийлик жана аны башкаруу аппараты политогенез процессин аныктоодо маанилүү роль ойнойт. Тарых илиминде Кыргыз мамлекетинин саясий бийлик системасы туурасында так түшүнүк жок. Айрым илим адамдары Кыргыз өлкөсүн мамлекет деп аташса, кээ бирөөлөрү аны каганат деп белгилешет. Макалада Кыргыз каганатынын бийлик системасы изилдөөгө алынып, анда орун алган башкаруу бийлик аппараты талданат. Каганаттык бийлик түзүлүшү Борбордук Азиядагы этностордун саясий системасы үчүн мүнөздүү башкаруу бийлиги эсептелген. Бул жагынан алганда кыргыздар да каганаттык бийликти өздөштүрүшкөн. Ошол эле уба ...Daha fazlası
Бул макалада С. Эралиевдин «Ак Мѳѳр» лирикалык поэмасынын англис тилиндеги аспиранттын котормосунун негизинде англис жана кыргыз тилдериндеги семантикалык дал келүүчүлүктѳр жана прагматикалык адаптация жүргүзүү маселелери каралат.-
Ачкыч сөздөр: толук дал келүүчүлүк, толук эмес дал келүүчүлүк, дал келүүчүлүктүн жоктугу, лексикалык прагматикалык адаптация